“Атуулдук коом коррупцияга каршы” коомдук уюму, “Кылым шамы” бейөкмөт уюму, “Дүйнө өзгөртүүчү адамдар” тилектештиги жана башка бир катар уюмдардан турган жарандык коом өкүлдөрү тараткан билдирүүдө акыркы убактарда Кыргызстанда адам укугун тебелөө арбып бара жаткандыгы айтылган.
Ошондой эле билдирүүдө айтылган фактылар боюнча Жалалабаттагы “Справедливость” бейөкмөт уюмунун кызматкерлери Валентина Гриценконун жана Наргиза Турдуеванын үстүнөн сот иши башталганына бир жылдан ашты. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын аймактык жетекчиси Арзыкан Момунтаева жана “Аялзат” коомдук уюмунун лидери Лира Тантабаева милициянын убактылуу камоочу жайында бир нече күн камалып чыгышкан. Мындан тышкары “Андаш”, “Жерүй” алтын кендеринин иштетилүүсүнө каршы болгон бир нече укук коргоочулардын камакка алынуусу да азыркы бийлик тарабынан адам укугуна жана эркиндигине чек коюуга жасалган аракеттер катары бааланган.
Бул иш-чаранын демилгечилеринин бири, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын айтуусунда, 19-апрелден кийин адам укугу массалык түрдө бузулушу ушундай кадамга барууга алып келди:
-Митинг пикетчилердин үстүнөн козголгон кылмыш иши, аларга коюлган күнөө, андан кийинки Кеминдик шайлоочулардын укуктары бузулушу, өздөрүнүн жарандык демилгесин көрсөткөн жарандарга да кылмыш иштеринин козголуп, камакка алынышы, Таластагы алтын кенин байланыштуу окуяда да массалык түрдө жарандарга кылмыш иши козголуп, камакка алынышы жана аларга карата туура эмес, негизсиз түрдө айыпталып жаткандыгына биз көз жуумп кое албайбыз.
Азиза Абдурасулова өздөрү баштаган демилгени коомчулук колдой турганына ишенет.
Адам укугу жана эркиндиги чектелип жатканына тынчсызданышкан укук коргоочулардын билдирүүсүндө апрель митингдеринин катышуучулары куугунтукталып жаткандыгы тууралуу да айтылган.Анда
“Интербилим” коомдук борборунун жетекчиси Асия Сасыкбаева менен “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан бир нече жолу адвокатсыз суракка алынгандыгы да белгиленген. “Интербилим” коомдук уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева “Азаттыкка” билдиргени боюнча куугунтук убактылуу токтоду.
КР президентинин адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун болсо Кыргызстанда адам укугун жана эркиндигин чектөө күчөп бара жатат деген пикирлер аша чапкандык менен айтылып жатат дейт:
-Адам укугу, сөз эркиндиги, демократия деген баалуулуктарды баалаган өлкөлөрдүн катарындабыз. Митинг-пикет өткөрүү эркин болуп калды. Мурда өтө кыйын эле. Камап салчу, Горький паркына сүрүп алпарып салчу. Азыр мындай нерсе жок да.
Билдирүү ээлери КР президенти Курманбек Бакиевге Конституциянын кепили катары кайрылып, камакта жаткан укук коргоочулардын жана бейкүнөө айыпталып жаткандардын эркиндикке чыгуусуна жана саясий оппоненттердин үстүнөн козголгон кылмыш иштерин кыскартууга жардам берүүсүн өтүнүшкөн.
“Адам укугун, эркиндигин жана ар-намысын коргойбуз” деп аталган иш-чара боюнча бир миллион кишинин колун чогултуу кампаниясы үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында адам укугун коргоо боюнча эл аралык күнү аяктайт.