Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ АЛЫНДЫ


Президент Курманбек Бакиев кылмыш-жаза кодексин гумандаштыруу боюнча мыйзамга кол койду. Бул мыйзам боюнча өлүм жазасы өмүр бою эркинен ажыратуу жазасына алмаштырылып, жаза өтөөнүн мөөнөтү азайып, жаза өтөөнүн түрмөгө камоодон башка дагы түрлөрү киргизилмекчи. Ошондой эле айыпкер деп шектелген адамды камакка алууга санкция берүү укугу прокуратурадан сотко өткөрүлүп берет. Бирок айрым укук коргоочулар аталган мыйзамда адам укугуна каршы келген жагдайлар бар экенин белгилешүүдө.

Кыргызстандагы кылмыш-жаза кодексин гумандаштыруу, атап айтканда өлүм жазасын алып салуу тууралуу маселе бир нече жылдардан бери көтөрүлүп келе жатат. Он жылдан бери жазанын бул түрүнө жыл сайын мораторий жарыяланып келет.

Кылмыш-жаза кодексин гумандаштыруу боюнча мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан каралып, үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде президентке сунушталган. Мамлекет башчы аталган мыйзам топтомуна кечээ кол койду.

Өлүм жазасын алып салуу талабы укук коргоочулар, адилет министрлиги, депутаттар жана башка адам укугун жактаган уюмдар тарабынан бир нече жылдардан бери коюлуп келе жаткан. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын айтуусунда Кылмыш-жаза кодексин гумандаштыруу боюнча мыйзамдын президент тарабынан колдоо табуусу мына ушул эмгектердин жемиши.

Өлүм жазасын алып салууну Башмыйзамга киргизүү тууралуу демилге авторлорунун бири, адилет министри Марат Кайыпов Кыргызстан демократиялык жолго түшкөн өлкө болгон соң, өлүм жазасы Башмыйзамда жок болууга жана кылмыш кылган адамдарга жаза катары колдонулбоого тийиш дейт:

-Өлүм жазасына тете жаза катары биз өмүр бою эркинен ажыратуу деген мыйзамды колдонушубуз керек. Демократиялык мамлекеттердин принциби да ушундай болуп жатат. Өзүңөр билесиңер өлүм жазасы колдонулган бир дагы өлкө Евробиримдикке мүчө боло албайт.

Айрым укук коргоочулар өлүм жазасын алып салуу тууралуу мыйзам толук иштелбей, чийки боюнча ишке кирип жаткандыгын белгилешүүдө. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын айтуусунда кылмыш-жаза кодексинин 340-341-беренелер боюнча жоопко тартылып жаткан адамдар да өмүр бою эркинен ажыратылып кете берүүсү мүмкүн:

- Мурда өлүм жазасына үч кылмыш боюнча жоопко тартылса, бүгүнкү күндө алты кылмыш менен өмүр бою түрмөгө камалуучу жагдай каралып калды. Алардын бири – кызмат абалындагы адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирүү деген берене да ушуга кирип калды. Бир эле мисал: Таласта Жерүй алтын кенине байланыштуу нааразылык акциясына чыккандар ушул беренеге туура келип калып жатат. Менимче бул мыйзамга дагы өзгөртүү, толуктоолор киргизилүүсү керек.

Айрым байкоочулардын айтуусунда өлүм жазасын алып салуу жана аны өмүр бою эркинен ажыратуу жазасына алмаштырууга Кыргызстан али даяр эмес, өлкөдө өмүр бою эркинен ажыратылгандарды кармоого ылайыкталган жаза өтөөчү жайлар жок.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG