Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

СОТ ТАРМАГЫНДАГЫ КОРРУПЦИЯ КООМГО КОРКУНУЧ КЕЛТИРҮҮДӨ


Cоттордогу коррупция жазаланбоочулукка шыкак берип, укуктук эрежелерди бузууда. Мына ушундай тыянак дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупцияга каршы иш жүргүзүп келе жаткан эл аралык уюм – Transparency International 24-майда жарыяланган жылдык докладда белгиленет. Быйылкы отчетте негизги көңүл сот системасындагы коррупцияны иликтөөгө бурулган. Аталган уюмдун айтымында, иликтөө мурдагы коммунисттик өлкөлөрдүн сот тармагындагы коррупция дүйнөнүн башка бөлүктөрүнө салыштырмалуу кыйла жогору экенин көргөздү.

Transparency International уюму дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупция боюнча былтыркы жылкы индексте 193 мамлекеттин ичинен 163үн камтыган эле. Ага көп чаптырсак, коррупциянын деңгээли эң төмөн деген өлкөлөрдөн алгачкы он орунда Финляндия, Исландия, Жаңы Зеландия, Дания, Сингапур, Швеция, Швейцария, Норвегия, Австралия жана Нидерландия турат. Кошмо Штаттарга 23 -орун ыйгарылган, Орусия 127 -орунда. Ал эми Борбор Азиядан Казакстан 113, Кыргызстан 145, Тажикстан 149. Түркмөнстан 150, Өзбекстан155 орунду ээлеген эле. Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Миклос Маршал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысына негизги көңүл сот тармагына бурулган быйылкы отчеттун тыянактары жөнүндө буларды айтты:

- Коррупция боюнча быйылкы отчет көргөзгөн негизги үч нерсе бар. Биринчиси - соттогу коррупция коомдун фундаментин бузуп жатканы. Бул өтө олуттуу көйгөй. Экинчи нерсе - карапайым тургундар, өзгөчө жакыр адамдар соттогу коррупциядан жабыр тартып жаткандыгы. Себеби алар пара төлөбөй койо албайт. Үчүнчү негизги нерсе - айкындуулкту күчөтүү үчүн али көп иш жасалышы керектиги. Себеби бейтараптуу сот айкындуулукка негизделиши абзел.

Transparency International дин пикиринде, паракорчулук жана саясий жактан кийлигишүү дүйнө өлкөлөрүнүн сотторундагы коррупциялык көрүнүштөрдүн окшош формасы. Ал эми сот тармагынын коррупцияланышуусу мурдагы коммунисттик өлкөлөрдө дүйнөнүн башка аймактарына салтыштырмалуу жогору. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү абал тууралуу Миклос Маршал мындай дейт:

- Мениче, Борбор Азия өлкөлөрүнөн сиз азыр сот жана укуктук система өтө эле алсыз экенин көрө аласыз. Ал көз карандысыз эмес, дайындоолор адатта аткаруу бийлиги тарабынан жүргүзүлөт. Мен бул жердеги оңтойсуздуктарды кош тараптуу деп айтар элем. Сот же көз карандсыз же компетенттүү жана жоопкерчиликтүү эмес. Демек бул- канааттанууга такыр болбой турган кырдаал.

Миклос Маршалдын айтымында, тигил же бул талаш чыккан учурда аны чечүү үчүн адатта сотко барарынын иликтөө учурунда жүргүзүлгөн сурамжылоого тартылган түндүк америкалыктардын 23%, Евросоюз өлкөлөрүнөн 19%ы билдирген. Ал эми мурдагы коммунисттик өлкөлөрдө бул көрсөткүч 8%ды эле түзөт. Булардын ичинен кайра 15%ы сотко кайрылган кезинде пара төлөгөнүн айтса, Евросоюз өлкөлөрүндө бул көрсөткүч 1%, Түндүк Америкада 2% экен. Transparency International отчетунун соңунда сот тармагын коорупциядан арылтуу боюнча өзүнүн бир катар сунуштар да берет. Анда эң биринчи кезекте сотторду дайындоо жараяны көз карандсыз жана ачык ыкмада ишке ашырылыш керектиги айтылат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG