Кыргызстан 1993-жылдын 5-майында Башмыйзамына ээ болгон. Бирок өлкөдө демократиялык түзүлүштү түптөгөн саясатчылардын айтуусунда ошол жылы кабыл алынган Конституция андан кийин бир нече жолу өзгөртүүлөргө тушуккан Башмыйзамга караганда демократиянын талаптарына алда канча төп келгендиги менен айырмаланып турчу. Кабыл алынган күндөн тартып, он төрт жыл аралыгында жети жолу өзгөртүүлөргө кабылган Башмыйзам мурдагыдай кол тийбестигин жоготуп, бийлик башында тургандардын колдогу оюнчугуна айланды деген пикирлер акыркы эки жылда бир топ арбыды.
Саясий ишмер Ишенбай Абдуразаков Конституцияны өзгөртүүгө каршы эмес, бирок бир жылдын ичинде үч жолу жаңы редакция кабыл алуу абдан уят иш деп эсептейт:
-Башмыйзам догма эмес, албетте турмушка жараша өзгөрүп турууга тийиш. Бирок бизде кийинки учурда тилекке каршы ага өтө жеңил мамиле кыла турган болуп алдык. Конституцияны каалагандай өзгөртүп, кайрадан процедуралардын баарын бузуп туруп, бир жылдын ичинде үч жолу жаңы Конституция кабыл алуу өтө уят нерсе. Мыйзамды баалабагандык, мыйзамды шылдыңдагандык деп айтса да болот муну, -дейт Ишенбай Абдуразаков.
Жамы журтка белгилүү болгондой, президент Курманбек Бакиев мамлекет башына келгени эле Конституциялык реформаны талап кылган митингдер бир нече жолу болуп өттү. Ошол эле учурда Башмыйзам да бир нече жолу өзгөрүүгө туш болду. Акыркы апрель митингдеринин алдында президент Конституцияны дагы бир жолу реформалоого даяр экендигин билдирген. Натыйжада өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев башында турган жумушчу топ Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Аталган долбоор президент тарабынан жактырылып, Жогорку Кеңешке сунушталган. ЖК болсо буга Конституциялык корутунду алуу үчүн Конституциялык сотко жолдогон. Ал эми Конституциялык Сот президент менен Жогорку Кеңештин өкүлдөрү жибериле электигине байланыштуу бул маселени кийинкиге жылдырууда.
Акыркы мыйзам долбоорунун үстүндө иштеген жумушчу тобунун мүчөсү, президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун айтуусунда Конституциялык Соттун кароосуна жиберилген мыйзам долбоору демократиянын талаптарына төп келген вариант, бирок анын кабыл алынуусуна да каршы күчтөр чыгып жатат:
-Биз иштеп чыккан долбоор өтө жакшы вариант. Эгер ал кабыл алынса, президенттин ыйгарым укуктарынын бардыгы парламент менен өкмөт башчысына өтөт. Бирок аны да кабыл албай, создуктуруп, бут тосуп жатышат. Акүйдө отурган кээ бирөөлөр да оюн чыгарып атышат,-дейт Турсунбек Акун.
Айрым пикирлер боюнча Конституцияга улам өзгөртүү киргизип, кайра башынан жаңы редакциясын кабыл алуу бир нече кишинин гана жеке кызыкчылыгы менен жүрүп жатат. “Кыргыз жери” партиясынын мүчөсү Калича Өмүралиеванын ою боюнча Башмыйзам карапайым адамдарга иштебей калган:
-Конституцияны бири-бирине түртүп, талашып жатканы бир эле маселе: бийлик. Ким кандай укукка ээ болот, ким кимди дайындай алат деген гана себеп. Элди ойлогон эчким жок.
Эгерде өлкөдө мыйзам баарына бирдей болбосо, анда бул укуктук мамлекет эмес, деп белгилейт саясий ишмер Ишенбай Абдуразаков. Анын айтуусунда Башмыйзамды сыйлоо элдин аң-сезиминен чыгып кетти, мына ушуну кайра кайтарып алууга тийишпиз:
-Биз өзүбүздүн коомубузду, жарандарыбызды эң алгач мыйзамга урмат менен мамиле кылууга, мыйзамга баш ийүүгө көндүрүүбүз керек. Ал үчүн мыйзамды баалап-барктай турган аң-сезим болууга тийиш. Мыйзамды президенттен тартып, катардагы жөнөкөй адамга чейин бүт-баары мыйзамды аткаруусу керек. Биз мына ушуга үйрөнүүгө тийишпиз.