Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

НАКЕН КАСИЕВ: “БЕКТЕМИР АКУНОВ ТИРҮҮ КЕЗИНДЕ ТОКМОК ЖЕГЕН”


“Бириккен фронт” уюштурган саясий ачкачылыктын катышуучусу Бектемир Акуновдун өлүмүнүн себептерин изилдеген көз карандысыз комиссия өзүнүн жыйынтыгын жарыя кылды. Алар Бектемир Акуновго тирүү кезинде күч колдонулган, ал эми анын өлүмү муунуудан улам болгон деген тыянак чыгарышты. Бул боюнча көз карандысыз комиссиянын мүчөсү, “Элет” партиясынын жетекчиси, кесиби боюнча дарыгер Накен Касиевди кепке тарттык.

-Накен мырза, Бектемир Акуновдун өлүмүнүн себептерин иликтеген көз карандысыз экесперттик топтун мүчөсү катары айтсаңыз, сиздердин иликтөө кандай жыйынтык чыгарды?

- Көз карандысыз экспертиза тобу Нарынга барып, Бектемир Акуновдун өлүмүнүн себептерин иликтөөгө катышып келдик. Биринчиден ал муунуудан өлгөн. Эми анын өзү муунуп өлгөнүн же болбосо, башка бирөөлөр муунтканын тергөө айтат. Менин көргөнүм боюнча ал муунгандан өлгөн. Андан тышкары дагы денесинде бир топ жаракаттар бар. Күч колдонулган. Көгалала тактар далысында, бутунда, тиезелеринде, кабыргаларында жана башында бар. Жаракаттар терең, жөн эле тытылган эмес.

Экспертиза болуп жатканда баш мээсинин, боорунун да жаракаттары бар экендиги байкалды. Мунун баары кистологиялык лаборатория аркылуу билинет, ал жакка иликтөөгө жөнөтүлдү. Ушул иликтөөдөн кийин гана: мээсине жана бооруна куюлган кан муунгандан болгонбу же таяк жегенденби, анык айтууга болот. Менин оюмча тирүү кезинде ал кишиге күч колдонулган.

- Нарын шаардык прокуратурасы Бектемир Акуновдун өлүмү боюнча чыгарган бүтүмүндө анын денесиндеги көгала тактар ал милицияга каршылык көрсөткөн учурда пайда болгон, ал эми боорундагы жаракат соттук-медициналык экспертиза учурунда болушу мүмкүн деп айтып жатпайбы..?

- Мен буга кошула албайм. Анткени мен Бектемир Акуновдун сөөгүн изилдеп жаткан учурда сот-медэксперттин жанында тургам. Ошол убакта ал боорду бычак менен жабыркатып алганын көргөн жокмун. Бул дагы кистологиялык лабораторияга алынып кетти. Альтернативдик лабораторияда да иликтенет. Эң акыркы жыйынтыкты ошондо айтса болот. Прокуратурага мындай жыйынтыкты айтууга али эрте деп ойлойм.

-Милиция, ички иштер министри өзү да айтты: Бектемир Акунов мас абалында шаардык админстрацияга барып, тополоң салган. Кармалган учурда мас болчу деп. Сиздердин иликтөө кандай көрсөттү, Акуновдун канында алкоголдун өлчөмү канчалык?

- Милиция кызматкерлери Бектемир Акунов мурунку күнү 100 грамм арак ичкен экен деп айтат. Мурунку күнү ичсе, кийинки күнү ызы-чуу салганга андай мүмкүнчүлүгү деле жок болмок. Бирок канчалык деңгээлде мас болгон, муну да лабораториялык изилдөөлөр көрсөтөт. Ал эми ал кишинин туугандары жана балдарынын айтуусунда Акунов аракты артынан кууп ичкен адамдардан болгон эмес. Ал Каракечеден көмүр апкелип сатып, үй-бүлөсүн бакчу экен.

-Муунгандан улам өлгөн деп айтпадыңызбы. Куралсыз көз менен караганда деле моюнда калган тактар көрүнөт болуш керек..?

-Көйнөгүнө муунган деген версия айтылып жатат. Бирок мойнунда, моюндун алды жагында даана белгилери жок. Бирок көк шилисинде жана шили жагында бир кичинекей, көгөргөн терең из турат. Ошонусу көрүндү. Адатта асынып өлгөн адамдардын мойнуна тегерете терең из калат. Бектемир Акуновдон андай нерсе көрө албадык, бирок арт жагында турат ошондой из.

-Демек, кимдир-бирөөлөр жардам берүүсү мүмкүн деген божомол келип чыгат..

-Эми муну чынында тергөөчү айтыш керек. Муну соттук-медициналык экспертиза да так айта албайт. Себеби бул тергөөчүнүн, юристтин иши го деп ойлойм.

-Сиз Бектемир Акуновдун үй-бүлөсү менен жолуктуңузбу? Анын уулу “Азаттыкка” айткан сөзүндө атасын милиция кызматкерлери камоочу жайга жеткирбей эле өлтүрүп коюшкан деген оюн айткан экен..?

-Мен инилери жана улуу баласы менен жолуктум. Алар азыр күйүттүү туруп айтып атышат, “биздин атабызды милиция кармап, өлтүрдү” деген ойлорун айтып атышат. Анын үстүнө түн ичинде аны милиция сүйрөп жүргөндө көргөн аялдар бар экен. Акуновдун канындагы алкоголду текшеребиз деп аткан учурда ал колундагы кишени менен качып чыгып, төрт кабат үйгө “жан соога” деп качып барган экен. Ошондо милиция артынан кууп барып, сүйрөп алып кеткенин көргөндөр бар экен. Алар депутат Карганбек Самаковго айтып беришиптир.

-Сиздердин эксперттик топтун жыйынтыгы тергөөгө канчалык деңгээлде таасирин тийгизе алат?

-Тергөө эң биринчи өкмөттүк сотмедэкспертизанын жыйынтыгын алууга тийиш. Андан кийин альтернативдик экспертизанын жыйынтыгы даяр болсо, аны алат. Эгер экөө туура келсе, анда жеңил болот. Эгер эки ача чыгып калса, анда талаш чыгышы мүмкүн. Андай болсо, көрүп катышкан адамдар катары бизди да чакырат. Биз болсо көргөнүбүздүн баарын мыйзам алдында, кудай алдында ачык-айкын, бир жагына тартпай, жашырбай-жаппай, чындыгын айтып беребиз.

-Нарында абал кандай? Элдин маанайы?

-Элдин маанайы жакшы деп айта албайм. Өтө тынчсызданып турат эл. Айрыкча ошол айылдын эли азыр сабырданып турат. Андан тышкары элде маалымат жок. Бул тууралуу мен “Алмаз” радиосунан бир саатча түз эфирде элдин суроолоруна жооп берген учурда кабар алдым. Бишкекте эмне болуп жатканын, бийлик эмне үчүн реформага барбай жатканын айтып, тынчсызданып жатышат. Алар КТРден башка эч бир маалымат ала албай атабыз, гезит бирди жазса, телеканал башканы айтып атат деп, маалымат жагынан ачкачылык болуп жатканына кооптонуп жатышат.

-Сиз түштүктө да бир нече жыл жетекчи кызматта иштеп келдиңиз. Азыр “түндүк-түштүк” маселеси чыгат, жарандык кагылышуу болот деген кооптонууларды эки тарап тең кайра –кайра кайталап атышат. Буга канчалык негиз бар деп ойлойсуз?

-Эгер ушундай тирешүү улана берсе, күтсө болот. Эки күн мурунку чаң-тополоңдо аны уюштурган балдар “түштүктөн келдик” деп элдин көзүнчө айтты. Дагы муну ким тукуруп атат, аны ким жасап атат деп бир топ кишилердин аты аталып кетти. Эгер ошо жол менен, ошондой ыплас жол менен саясаттык тирешүүнү тезирээк чечпей, ушинтип элди курал катары пайдаланып, ызы-чууга апкелсе, анда жарандык кагылышуу болуп кетиши — реалдуу нерсе. Ошондуктан, акылыбыз барда, эсибиз барда саясатчылар, алардан биринчи өлкөнүн башында турган президент реалдуу сунуштарды берип, оппозициянын баарын душман көрбөй, конструктивдүү жагын тезирээк чечип, реформа жүргүзүүгө тийиш.

Азыр Башмыйзамдагы 6-берененин айланасында гана сөз болуп атат, ошону тезирээк калыбына келтирсе, менимче бийлик президентке да жетет эле, өкмөт башчыга да жетмек. Андан тышкары коалициялык, элге ишеними бар өкмөт түзүүгө эмнеге болбосун? КТР коомдук телеканал болду дейт, бирок дагы деле бир беткей берип атат, баарыбыз көрүп атабыз. Коомду коргоп, элди колдогон эчнерсесин көргөн жокпуз, бир багытта эле Арзыматтарды чыгарып, бир беткей сөз кылып, бир беткей шыбап атат. Бул кайра элдин кыжырын келтирет да. Эгер ушундай жол менен барса, анда эч убакта тынччылык келбейт бизге. Бирок ошол реалдуу нерселерди чечип, эл-журттун келечеги үчүн иш кылсак, анда биз тынчыйбыз да, өз нугубузга түшөбүз.

- Рахмат сизге!

Сүрөттө: Сол жактагы биринчи Бектемир Акунов. Соңку түшкөн сүрөтү.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG