Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:40

СЕРБДЕР ЖАҢЫ БАШМЫЙЗАМ ҮЧҮН ДОБУШ БЕРҮҮДӨ


Бүгүн (28-октябрда) жана эртең Сербияда жаңы конституция боюнча элдик референдум өтүүдө. Референдумдун талаш-тартыш туудурган бир беренеси боюнча Косово аймагы Сербиянын бөлүнгүс бир бөлүгү бойдон калууга тийиш. Бирок косоволук калктын көпчүлүгүн түзгөн албандар аймак тагдырына тийешеси бар бул референдумга катышпайт. Эгерде сунуш кылынган башмыйзам кабыл алынып калса, анда ал мурдагы коммунисттик Югославия ыдырагандан кийинки Сербия кабыл алган алгачкы конституция болуп калмакчы.

Сербиянын жаңы башмыйзамын кабыл алуу үчүн шайлоочулардын 50 пайыздан ашууну аны колдоого тийиш.

Жалпысынан, алты жарым миллион сербиялык атуул, анын ичинде Косоводо байырлаган 100 миңдей сербдер добуш берүүсү күтүлөт.

Бүгүн байтакты шаар Белградда референдумга катышып, добуш берген соң, серб ардагери Будимир Петрович “Азаттыкка” мындайча оюн айтты:

- Бул башмыйзам Сербия жана анын эли үчүн залкар өзгөрүүлөрдү алып келмекчи.

Жекшембиде соңуна чыга турган эки күндүк референдумдан соң, атайын сүйлөшүүлөр жүргүзүлмөкчү.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) сүрөөнчүлүгү менен жүрчү бул сүйлөшүүлөр Косово аймагынын макамы маселесин мөөнөтүнөн мурда аныктап, чечүүгө багытталган долбоорду иштеп чыгуу максатын көздөйт.

Референдумга коюлуп жаткан Конституциянын долбоору өткөн айда серб парламенти тарабынан бир добуштан жактырылган.

Башмыйзамдын 200 беренеден турган долбоорунда түндүктөгү Воеводина аймагына өз алдынча башкаруу укугу ыйгарылаары да жарыяланган.

Бирок башмыйзамда калкынын басымдуу көпчүлүгүн албандар түзгөн Косово аймагы Сербиянын бөлүнгүс аймагы катары көрсөтүлгөн. Дал ушул берене кызуу талаш-тартышты жаратууда.

Белград тургуну Драгица Савич айымдын оюна караганда, жаңы башмыйзам Косово сыяктуу аймактардын кызыкчылыктарына да төп келет:

- Биз бул Конституцияны жактап добуш берүүгө тийишпиз. Анткени ал бардыгыбыз үчүн, анын ичинде Косово жана Метохия аймагы үчүн да жакшылык алып келет.

Тээ 1999-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун канаты астында болгонуна жана БУУнун атайын акимчилиги башкарып жатканына карабастан, Косово аймагы эл аралык укук боюнча Сербиянын бөлүгү катары таанылып келет.

Ал эми эки миллиондон ашуун калкы бар Косовонун 90 пайызын түзгөн албандар болсо бул референдумда добуш бере албайт, анткени алар тээ 1990-жылдан бери Сербиядагы шайлоолорго бойкот жасап келгендиктен, шайлоочулар тизмесине киргизилген эмес.

Косоволук албан саясатчылар Сербияда бул референдум кандай натыйжа берээрине карабастан, Косово калкы өз келечегин өзү аныктоого тийиш деп билдиришүүдө.

Быйыл июнь айында Черногория, Сербиянын мурдагы Югославия аймагындагы эң соңку шериги, өзүн көз каранды эмес мамлекет деп жарыялаган соң, Сербия өз алдынча мамлекет болуп калды. Эми ал жаңы башмыйзам кабыл алууга муктаж.

XS
SM
MD
LG