Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:46

ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАЛГЫЗ УЧАГЫ КАНАТЫН АЙРЫП, УЧАЛБАЙ ТУРАТ


«Кыргызстан» авиакомпаниясы менен АКШнын «Манас» абамайданында эки учагынын 26-сентябрдагы кагылышынын себеп-жөнү ушу тапта дыкат иликтенүүдө. «Кыргызстан» авиакомпаниясы кырсыктын себеп-жөнүн иликтөөчү комиссия мамлекеттик ишкананы атаандаштыктан четтетүүгө аракеттенип жатат десе, жарандык авиация департаменти компания комиссияны алагды кылуу амалын жасоодо деп билдирүүдө.

Кыргызстан авиакомпаниясынын учуулардын коопсуздугун текшерип туруу кызматынын жетекчиси Виктор Семенец 26-сентябрда «Манас» абамайданында болуп өткөн кырсык тууралуу оголе көп сөз болуп, окуя аркыл өңүттө түшүндүрүлүп жатканын белгилейт.

- Учуу тилкесинде болгон окуяны иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Ага улай эле жарандык авиация департаменти да комиссия уюштуруп иликтөөгө киришти. Комиссия жыйынтыгы чыкканча биз эч кандай бүтүм айта албайбыз, болжолубузду да ачыкка чыгара албайбыз,- деп билдирди В.Семенец.

АКШнын аскерий май куюучу учагы менен кагылышкан «Кыргызстан» авиакомпаниясынын «Ту - 154» учагынын командири Александр Кащеев диспетчерден учууга уруксат алгандан кийин учуу тилкесинде эч кандай тоскоол көрүнбөгөнүн айтат.

- Учак жерден көтөрүлө бергенде экипаж бир нерсеге кагышканын сезип учуу талаасына кайра конууга мажбур болдук. Экипаждын калган аракети учуу-конуу эрежелеринин негизинде жүрдү. Учак «Манас» аба майданына аман-эсен конду,- дейт А.Кащеев.

Учуу кызматынын жетекчиси Эркинбек Эсеналиевдин айтуусунда, бир канаты кайрылып, жалгыз канаты менен жерге конуу учкучтар турмушунда сейрек кездешчү окуялардан. Э.Эсеналиев унаа жана байланыш министрлигинин жарандык авиация департаменти «Кыргызстан» авиакомпаниясын атаандаштыктан четтетүү аракетин жасап жатканын айтты.

- Болжол менен үч метрдей узундуктагы канатынан айрылган учакты экипаж жерге аман-эсен кондурганы дүйнөлүк авиация тарыхында кала турган укмуштуу окуя. Бардык жерде учкучтар азаматтык кылды, эрдик жасады деп жатышканда унаа министрлигинин жарандык авиация департаменти тарабынан таңкалыштуу аракеттер жасалууда. Экипаж мүчөлөрүнөн кандайдыр бир кине тапкысы келишет,- деп билдирди компаниянын учуу кызматынын жетекчиси Эркинбек Эсеналиев.

Бирок мындай пикир менен жарандык авиация департаментинин жетекчи орунбасары, комиссия жетекчиси Алик Аскаров макул эмес.

- Азыр маселе таптакыр эле башка жакта турат. Алар коомчулуктун көңүлүн авиация кырсыгынын негизги себебинен алаксыткысы келишет. Болгону ушул. Ошондон кайсы бир атаандаштык, кайсы бир компаниялар тууралуу кеп болбош керек.

26-сентябрдагы авиакырсык Кыргыз экономикасынын дагы бир жыртык өңүрүн ачыкка чыгарып койду. Көккө көтөрүлүп баратып учуу тилкесинде бурулганы турган АКШ аскер базасынын май куюучу КС – 135 учагын коюп кеткен «Кыргызстан» авиакомпаниясынын “Ту - 154 “ учагы Кыргызстандын президенти алыскы-жакынкы чет өлкөлөргө иш сапары боюнча чыкканда пайдаланчу жалгыз учагы болчу. Мамлекет башчысы Бишкекте отурганда республика ичинде жүргүнчү ташып оокат кылчу ошол учак кырсыкка кабылып, ушу тапта учалбай турат. Анын оңдоого жарактуу же жарактуу эместигин авиациялык заводдун адистери аныкташмакчы. Ага чейин мамлекет башчысы «Ту –134» учагы менен алыскы-жакынкы чет өлкөлөргө учаарын «Кыргызстан» авиакомпаниясынын өкүлдөрү ырасташты. Алик Аскаров департамент тарабынан түзүлгөн комиссия авиакырсыкты кылдат иликтеп, жакын арада жыйынтыгы чыгарыларын маалымдады.

XS
SM
MD
LG