Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:34

БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР УЛУТТУК КЫЗЫКЧЫЛЫККА КАРШЫ ИШТЕБЕЙТ


Кыргыз бийлиги бейөкмөт уюмдарды жаманатты кылууга аракет кылып жатат деген билдирүү менен 17-июль күнү Бишкекте бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар АКШнын эки дипломатын өкмөттүк эмес уюмдар менен байланышка барган деген айып менен Кыргызстандан чыгарып жиберүү бийликтин бейөкмөт уюмдарга каршы жүргүзгөн саясатынын бир көрүнүшү деп эсептешет.

Маалымат жыйынынын катышуучулары көз карандысыз жарандык секторго бийлик тарабынан кысым көрсөтүлүшү бийликтин авторитаритардык башкаруу жолуна бара жаткандыгын билдире тургандыгын айтышты. АКШ дипломаттарына байланыштуу бейөкмөт уюмдарын далилсиз айыптоолор, улуттук кызыкчылыкка каршы иштеген деген дооматтар айрым бир бийлик кызматкерлеринин өкмөттүк эмес уюмдарды ооздуктоого жасаган аракети болуп саналат.

-АКШ дипломаттарына байланышкан окуя менен коомчулукка бейөкмөт уюмдарды улуттук кызыкчылыкка каршы иштейт деген атайын бир пикир түзүү аракети болгон. Биз мына ушуга кескин түрдө макул эместигибизди билдиребиз,- деди “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов.

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар ишмердүүлүгүн жүргүзүп баштаганына 15 жылга чукулдап калды. Мурдагы бийликтин режимин кулатууга жана Кыргызстанда чыныгы демократиянын орношуна бейөкмөт уюмдар чоң салым кошкондугу тууралуу март ыңкылабынан кийин келген жаңы бийликтин өкүлдөрү да билдиришкен. Бул жөнүндө “Эл аралык толеранттуулук үчүн” уюмунун жетекчиси Рая Кадырова эскерип кетти:

-Март окуяларына чейин жана ыңкылап учурунда азыркы бийлик башында тургандар бейөкмөт уюмдар менен тыгыз кызматташууга кызыкдар болуп жатышкан. Анткени алар ошол учурда жана биздин колдообузга муктаж болуп турушкан. Бирок бүгүнкү күнү ошол эле жетекчилер, жарандык секторду улуттук кызыкчылыкка каршы иш алып барган деп айыптап жатат. Мындай айыптоолор фактыны жана далилдерди талап кылат. Ошондуктан, биз бардык бейөкмөт жана коомдук уюмдар биригип, улуттук коопсуздук кызматынан мына ушундай далилдерди келтирүүсүн талап кылабыз.

Президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн мындай жүйөөлөрүнө каршы чыкты. Аталган комиссия төрагасынын орун басары Сабырбек Муканбетов бул жерде “чымындан пил жасоого болбойт” деген оюн билдирди:

-Ар бир көз карандысыз мамлекет өзүнүн ички ишине кийлигишкен чет элдик дипломаттарды чыгарып жиберүүгө акысы бар. Мындан анчалык ызы-чуу чыгарып кереги жок эле.

АКШ дипломаттарынын мамлекеттин ишине кийлигишкендиги үчүн Кыргызстандан чыгарылышын айрым саясатчылар Орусиянын көргөзмөсү менен болуусу мүмкүн деп божомолдошкон. Алар Кыргызстан кийинки убактарда Орусияга ыктап, Батыштан алыстап бараткандыгына таянышат.

Мындай пикирлерди “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов да колдоого алды. Анын айтымында, Кыргызстанды өз максаты үчүн пайдаланууну көздөгөн күчтөр бар:

-Биздин Кыргызстаныбызды Батыш менен уруштуруп, бир эле өлкөнүн же бир эле баш калаанын этегине намаз окуп калуусун каалаган күчтөр бар. Алар бүгүн бул максатын ишке ашыруу үчүн иштеп жатышат. Менимче, биздин бийликте дагы бул саясатты колдоого алган кишилер бар. Алар ушул учурдагы АКШга болгон түрдүү орой мамилелердин артында турат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG