Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:24

ТЕРРОРИЗМДИ КАРЖЫЛООГО КАРШЫ АРАКЕТТЕРДИ КЫРГЫЗСТАН КОЛДОЙБУ?


9-июнда парламентте “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен келген арам акчаларды адалдоого каршы аракеттер” тууралуу мыйзам долбоору бир топ талаш-тартышты туудурду. Депутаттар бул мыйзамды дагы жеткире иштеп чыгууну зарыл деп белгилешип, тийиштүү комитетке кайта жөнөтүштү.

"Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен табылган акчаларды адалдоого каршы аракеттер” тууралуу мыйзам долбоорун сунуш кылган Улуттук Банктын төрагасы Марат Алапаевдин сөзүнө ылайык, Кыргызстандагы банктардын иши тууралуу мыйзамга жараша, банктарга түшүп жаткан каражаттардын кайдан эмне максат менен келип жаткандыгын билүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан, айрым учурларда шектүү делген банк эсептерин да текшерүүгө мүмкүнчүлүк жок болуп жатат.

Аталган мыйзам долбоору боюнча банктар, кредиттик уюмдар, акча алмаштыруучу жайлар, казино, риэлтердик кызмат көрсөтүүчү жана башка кеңселер белгиленген чектен өткөн акчалай операциялар тууралуу атайын орган -Каржылык чалгындоо кызматына билдирип турушмакчы. Аталган кызмат маалыматты изилдеп көрүп, эгер шектүү деп тапса, тартип коргоо органдарына тапшырат.

Бул мыйзам долбоорун кабыл алууга бир катар депутаттар катуу каршы чыгышты. Депутат Арзыбек Бурканов бул мыйзам бийликтин кезектеги куралы болуп чыгат деп эсептейт:

-Эртең эле бийлик саясатчы болобу, ишкер болобу, өзүнө жакпаган кишинин болгон маалыматын алып алып, колуна курал кылып чыгат.

Улуттук Банктын маалыматы боюнча, акыркы алты ай ичинде эле Кыргызстандын банктары аркылуу 5 млрд доллар акча өткөн. Депутат Акматбек Келдибеков бул акчанын канчасы терроризм үчүн келип жаткандыгын аныктоо үчүн аталган мыйзам долбоору кабыл алынууга тийиш деп мыйзамды жактап чыкты:

-Биз банктарга келип-кетип жаткан акчанын кайдан келип, эмнеге жумшалып жатканын билбейбиз. Анткени, мамлекет улуттук банк баш болгон коммерциялык банктардан бир да маалымат алалбайт. Алса дагы аны сотко өткөрө албайт, себеби укугу жок. Биз 4,5 млн сомдон ары өткөн акчалай операциялар текшерилсин деп чек коюп жатабыз. Келгиле анда “Жашырын маалыматтар” деп бир берене киргизели. Эгерде прокуратура же бийлик жок жерден эле сурап, каржылык чалгындоо кызматы аларга маалымат берген болсо, чалгындоо кызматын жоопко тартуу керек болот.

Ал эми депутат Каныбек Иманалиев мындай мыйзам ишкерлерге каршы иштеп калбасы үчүн алгач бардык жарандардын байлык-мүлкүнө мунапыс жарыялап туруп, анан кабыл алуу туура болот деген оюн айтты. Коңшу Казакстан менен Тажикстанды мисалган алган депутат мындай мунапыс өлкөдөгү жалпы эле акча жүгүртүү операцияларын ачыкка алып чыкмак.

Улуттук Банктын төрагасы Марат Алапаевдин берген түшүндүрмөсү боюнча, мындай мыйзам Кыргызстандын эл аралык аброюн жана экономикасын көтөрүүгө да чоң салым кошот. Анын айтуусунда “терроризмди каржылоого каршы аракеттер” тууралуу мыйзам иштебеген өлкөлөргө башка мамлекеттердин ишеничи азаят. Бул болсо инвестициялык климатка да терс таасирин тийгизет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG