Америкалык мыйзамгерлер, анын ичинде президент Буштун Республикачыл партиясынын айрым мүчөлөрү аскер кишисинин ЦРУну жетектешине каршы чыгышууда. Эгер талапкeрдиги сунушталса, генерал Майкл Хейденди АКШнын Сенаты бекитиши керек. Республикачыл конгресмен Пиит Хөкстра Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетин жетектейт:
- Мен Май Хейденди аябай сыйлайм. Ал буга чейинки кызматында көп жакшы иш жасады. Бирок, азыр ал туура эмес убакта туура эмес ишке көрсөтүлүп жатат. Азыркы тапта атуулдук агенттикти аскер адамы башкарганы туура болбойт.
Хейден мурда Улуттук Коопсуздук агенттигин жетектеген, бул агенттик тыңшоолорго байланышкан карама-каршылыктардын очогу болуп келди. Ушуга байланыштуу АКШнын Өкүлдөр палатасынын азчылыктар лидери, демократ Нэнси Пелоси мындай деди:
– Мен генерал Хейденден катуу чочулайм. Биринчиден анын АКШдагы тынчылыкка түздөн-түз тийешеси бар. Биз ушуга да көңүл бурушубуз керек деди.
Хейден 11-сентябрдан кийин америкалыктарды жашыруун тыңшоону сунуш эткендердин бири экендигин Буш өзү айткан. Бул программанын бети ачылганда, катуу талаш-тартыш келип чыкты. Бирок Буш мындай программа террористтерди кылтакка түшүрүш үчүн керек деп айтып келет. Сенаттын Акыйкаттык комитетинин төрагасы Арлен Спектер өзү республикачы экендигине карабай, Хейдендин талапкердигине байланыштуу бул программанын канчалык мыйзамдуу экендиги тууралуу маселени көтөрөөрүн айтууда.
Ал эми белгилүү сенатор демократ Йозеф Байден Хейдендин келиши ЦРУ Пентагондун таманы астында калгандай көз караш жаратат деп эскертти. Нэнси Пелоси да ушундай эле тынчсыздануусун билдирди:
- Коргонуу Департаменти менен бүткүл чалгын тармагынын ортосунда тымызын тиреш бар экенин билесиздер. Анда эмне үчүн төрт жылдыздуу генерал ЦРУну башкарышы керек?
Анын аралыгында республикачыл сенатор Жонн МакКейн Хейдендин талапкердиги жактырылат деген үмүтүн билдирди. СбэС сыналгысынан сүйлөгөн сөзүндө ал "Хейден Аба күчтөрүнүн офицери болсо да, чалгын иштерине жакын" деп айтты.