Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:54

Депутат Сурабалдиева чет өлкөлүк инвесторлорго кепилдик маселесин көтөрдү


Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева.
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Кыргызстан чет өлкөлүк инвесторлорго кепилдик бере албай жатат деген пикирин 8-сентябрда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Жыйында менчиктештирилген объектилерге мунапыс жарыялоо тууралуу мыйзам долбоору талкууланды.

"Кепилдик болгондо сырттан инвесторлор келет. Биз да сыртка чыгып, баары жакшы деп айтабыз. Алар болсо интернеттен окушат: бири нааразы, экинчисин камады, үчүнчүсүн камады, баарын камап жатышат. Өкмөттө иштегендерди эле эмес, журналисттерди да камашат. Сөз эркиндиги жок, жеке менчик корголбойт, УКМК кызматкерлери каалаганын кылат. Менимче, президент менен Камчыбек Кыдыршаевич алардын көп иштерин билишпейт", - деди ал.

Депутаттардын бир тобу 1991-жылдын август айынан 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилде менчиктештирилген айрым объектилерге мунапыс жарыялоону сунуштап жатышат.

Демилгечилердин бири Элдар Абакировдун айтымында, сунуш мыйзамдуу жол менен жана легалдуу каражатка алынган объектилерге тиешелүү болот.

Депутат Сурабалдиеванын айткандары боюнча тийиштүү мекемелер комментарий бере элек.

Президент Садыр Жапаров өткөн аптада Балыкчы шаарындагы сапары учурунда Кыргызстандагы жемкорлукка каршы күрөш маселеси тууралуу сүйлөп жатып "Жогору жактагы коррупцияны жок кылдык. Ортодон ылдый карай жоголбой жатат" деп айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө коррупциялык кылмыштар азайганын, жемкорлукка каршы күрөштөн казына толуп жатканын өткөн айда Ош облусунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда белгилеген. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG