Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Израил Газа шаарын толук ээлөө операциясы башталарын эскертти


Газа. 2025-жылдын 8-сентябры.
Газа. 2025-жылдын 8-сентябры.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа шаарынын тургундарын калаадан чыгып кетүүгө чакырып, жакынкы арада израилдик аскерлер ал жерди толук ээлөө операциясын баштай турганын билдирди. Times of Israel басылмасы 8-сентябрда жазгандай, ал соңку бир нече күндө Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газада "террордун уюгу" болгон көп кабаттуу бир нече имаратты жок кылганын, мындай жайлардын жалпы саны 50гө чамалаганын айтты.

Нетаньяху Газа шаарындагы азыркы чабуулдарды негизги операциянын башталышы гана деп атап, жергиликтүү тургундарга "Бул жактан чыгып кеткиле!" деп эскертти.

Август айынын башында Израилдин аскердик-саясий өкмөтү ЦАХАЛ Газа шаарына көзөмөл орното турган планын бекиткен. Анда жайкын тургундарга "согуш жүрүп жаткан жерлерден тыш жакта" гуманитардык жармам көрсөтүлөрү белгиленген.

6-сентябрда Израил Газа шаарында ХАМАС тобу (АКШ, Израил жана Европа Биримдиги террордук деп жарыялаган) израилдик аскерлерге каршы чабуулдарды уюштуруу максатында пайдаланып келген көп кабаттуу имарат жок кылынганын жарыялаган. Имараттын ичинде чалгын пункттары, байкоо бекеттери бар экени, жертөлөсү буктурма катары колдонулуп келгени, тегерегине ХАМАС жардыргычтарды коюп кеткени, израил аскерлери чабуул коёр алдында жайкын тургундарды ал жактан чыгып кетүү керектигин эскерткени маалымдалган. Көп кабаттуу имарат соккуну эң даана урууга жөндөмдүү курал менен бутага алынганы белгилүү болгон.

7-сентябрда АКШнын президенти Дональд Трамп жакын арада Газа боюнча келишимге жетишилерин айткан. Ал "Бул абдан олуттуу маселе. Аны Жакынкы Чыгыш, Израил, бардыгы үчүн чечүүнү каалайбыз, жаңжалды жөнгө салабыз" деп билдирген. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG