Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:49

"Бардык аэропорттордун иши жанданды". Аймактык аба майдан вазыйпасы


Нарын аэропорту
Нарын аэропорту

Кыргызстанда “Нарын” жана “Казарман” аэропорттору ачылып, кайрадан иштей баштады. Эки аймак тең тоолуу, карым-катнаш татаал болгон жерлер. 8-сентябрда биринчи жолу жүргүнчү учактары барды. Президент Садыр Жапаров дагы Нарынга учуп барып, аба майдандын оңдоп-түзөөдөн соң ишке берилишине арналган иш-чарага катышты. Мамлекет башчы 20-августта Кытай менен келишим түзүлгөнүн, ага ылайык Нарын облусунан өтө турган жаңы аба жолу 30-октябрда иштей баштарын билдирди.

Нарын шаарындагы аба майдан капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин кайрадан ишке берилди. Аны менен кошо ушул эле күнү Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы аба майдандын да ачылышы онлайн форматта уюштурулду.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө ушуну менен Кыргызстандын аймагындагы мурда иштеп турган, кийин дээрлик жабылып калган жергиликтүү аба майдандардын баарына кайрадан жаңы дем берилип, алардын ишин улантууга шарт түзүлгөнүн белгиледи:

Президент Садыр Жапаров Нарын аэропортунда
Президент Садыр Жапаров Нарын аэропортунда

“Нарын жана Казарман аэропортторунун ишке киргизилиши менен Кыргызстандын бардык аэропорттору жандандырылып, иштей баштады. Нарын жана Казарман аэропорттору тоолуу аймактардын транспорттук түйүнү болуп саналат. Бул аэропорттор Нарын облусунун, Тогуз-Торо районунун жашоочуларын бүткүл Кыргызстандын жашоочулары менен алака-катышын арттырууга чоң салым кошот десек болот. Аталган аэропорттордун кайра ишке кириши менен тоолуу региондорубуздун транспорттук инфратүзүмү жакшырып, инвестициялык аброю артат. Ошондой эле чет элдик ишкерлердин, туристтердин Нарын, Тогуз-Торо аймагына ыкчам, ыңгайлуу жетишине өбөлгө түзөт. Ошентип, бул обочодогу облус менен алыскы районго социалдык-экономикалык жактан чоң пайда алып келет”.

Тарыхы өткөн кылымдын 30-жылдарынан башталган аба майдан 1999-жылы ишин токтоткон болчу. Ошондон бери чейрек кылым иштебей турган бул аянтча соңку эки жылда капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, кайрадан жергиликтүү каттамдарды кабыл алуу алдында турат.

Кыргыз өкмөтү муну аймактарды өнүктүрүүнүн жана туризм менен бизнес үчүн түзүлгөн шарттардын символу катары сыпаттоодо.

“Кыргызстан аэропорттору” акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Кыргызстан боюнча 11 аба майданы болсо, анын бешөө эл аралык, алтоо аймактык макамда экенин айтты:

Садыр Жапаров жана Манасбек Самидинов Нарын аэропортунун ачылышында
Садыр Жапаров жана Манасбек Самидинов Нарын аэропортунун ачылышында

“Азыр аэропорт иштеп баштагандан кийин экономикасы туура көрүнөт. Азыр айтыш өтө оор. Ошого карата, суроо-талапка, рентабелдүүлүгүнө карата так айта алабыз. Өзү дүйнөлүк тажрыйбада аймактык аэропорттордун бардыгы дотациялык болот. Бул жерде деле дотация болушу мүмкүн”.

Нарын жана Казарман багыттарына жумасына бир жолудан каттам жүргүзүлөт. Авиакаттамды мамлекеттик “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы аткарат. Бул үчүн анын карамагында үч Dash Q-400 учагы бар.

Кеңеш айылынын тургуну Эркинбүбү Акматова илгери Нарын аба майданы иштеп турган маалда эки жолу ары-бери учуп калганын эскерди.

“Мен бул жака келгениме 45-50 жыл болду. Эки жолу учтум. Биринде “Кош канат” деп койчубуз, Казарманга учтум, экинчисинде ЯК-40 менен Бишкекке учтум. Анда 11 эле сом болчу. Азыр эми 2200 сом экен. Ажобузга рахмат, пенсиябызга кошуп берип жатат. Учсун деп ушул жакты ачып берди”.

Нарын аэропорту
Нарын аэропорту

Президент Садыр Жапаров эл алдында сүйлөп жатып Кыргызстанды Европа Биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен" чыгаруу боюнча иштер аяктап калганын билдирди. Анын айтымында, Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин делегациясы 7-октябрда Брюсселге барып сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, андан соң декабрда акыркы аудит болот.

Европа Биримдиги 2006-жылы Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигин баш кылып, авиакомпаниялардын бардыгына мыйзамдык базасы жана учактардын коопсуздукту сактоо талаптары эл аралык стандартка дал келбейт деген негизде өз аймагында учуусуна тыюу салган. Андан бери кыргыз бийлиги аракет көрүлүп жатат дегени менен Кыргызстан жети жылдан бери “кара тизмеден” чыга албай келет.

Нарын жана Казарман аба майдандарынын иши жанданды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:54 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG