Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:54

АКШ Европаны Орусиянын энергетикалык ресурстарынан баш тартууга чакырды


Крис Райт
Крис Райт

АКШнын энергетика министри Крис Райт Financial Times басылмасына берген маегинде Европа өлкөлөрү Москвага каршы санкцияларды күчөтүүнү кааласа, орус мунайы менен газын сатып алуудан баш тартууга тийиш экенин айтты.

Ал Орусия энергетикалык ресурстарды сатуудан түшкөн кирешени согушту каржылоого жумшашы мүмкүн экенин эскертти. Министр Европа өлкөлөрүнүн Орусия менен соода алакасынын токтошу АКШга санкцияларды күчөтүүгө түрткү бергенин айтты.

Крис Райт Орусиянын энергетикалык ресурстарын америкалык суюлтулган табигый газга, күйүүчү майга алмаштырууну сунуштады. Анын айтымында, бул Европа Биримдигине АКШ менен түзүлгөн соода келишиминдеги шарттарды аткарууга мүмкүндүк берет. Ал келишимге ылайык, Европа өлкөлөрү 2028-жылдын аягына чейин 750 миллиард долларга АКШдан энергетикалык ресурстарды сатып алууга милдеттүү.

АКШ бул келишим Европага да экономикалык жактан пайдалуу болот деп эсептейт.

Associated Press агенттиги мурда кабарлагандай, 8-сентябрда Евробиримдиктин санкциялар боюнча өкүлү Дэвид О'Салливан башында турган европалык аткаминерлер тобу АКШнын Каржы министрлиги менен жолугуп, Орусияга каршы жаңы санкцияларды кошо камтыган экономикалык чараларды талкуулай турган болгон.

Бул маселе 4-сентябрда АКШ президенти Дональд Трамптын европалык лидерлер менен онлайн-жыйынында да көтөрүлгөн. Анын жыйынтыгында Франциянын президенти Эммануэль Макрон Москва тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн баш тартууну улантса, АКШ жана Европа кошумча санкцияларды киргизерин билдирген.

Трамп 7-сентябрда журналисттердин Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкциялардын “экинчи фазасына” өтүүгө анын даярдыгы тууралуу суроосуна "ооба" деп жооп берди. Трамп кененирээк комментарий берген жок жана ага тактоо иретинде дагы суроо берилген жок.

Буга чейин ал согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине макул болбосо Орусияга карата кошумча санкцияларды жарыялоо ыктымалдыгын четке каккан эмес. Орусиянын президенти Владимир Путин менен Аляскада жолуккандан кийин АКШ президенти Москванын позициясына карап эки жумадан кийин чечим кабыл аларын айткан. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG