Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:38

Непалда соцмедиага тыюу салууга каршы чыккан жарандар полиция менен кагылышып, 10 киши каза тапты


Непал, Катманду. 8-сентябрь, 2025-жыл.
Непал, Катманду. 8-сентябрь, 2025-жыл.

Непалдын борбору Катмандуда парламент имараты алдында чогулган миңдеген демонстранттар коопсуздук күчтөрү менен кагылыша кетип, кеминде 10 киши набыт болуп, ондогон жаран жараат алганы кабарланды. Өзүлөрүн Z мууну деп атаган демонстранттар өлкөдө Facebook, X, Youtube платформаларына тыюу салган чечимге каршылык билдирип чыгышкан.

Непалдын коммуникация министри чогулгандар дарбазага чыгып, имарат тарапка жулуна баштаганда полиция суу аткычтарды, союл, резина окторду колдонгонун билдирди.

Нааразылык акциясына чыккандар Instagram жана башка соцмедиа алардын бизнеси, жашоосу, жаңылык издөөдө башкы булагы экенин айтышат. Непал өкмөтү бул платформалар жалган кабарларды, жек көрүүчүлүктү жайылтып, элди алдап көз жазгыруу аянтчасына айлангандыктан аларды жөнгө салуу жолдорун табуу керектигин белгилейт.

Катманду шаардык бийлиги парламент, өкмөт имараттары жайгашкан борбордук бөлүктө коменданттык саат киргизилгенин жарыялашты.

Шерине

XS
SM
MD
LG