Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

ЕБ өкүлү Вашингтондо Орусияга каршы санкциялар маселесин талкуулоодо


Дэвид О'Салливан
Дэвид О'Салливан

Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан эксперттер тобунун коштоосунда Вашингтондо америкалык кесиптештери менен сүйлөшүү жүргүзүп, Орусияга каршы мындан аркы санкцияларды талкуулап жатканын Еврокомиссиянын маалыматына таянып Reuters жазды.

7-сентябрда АКШ президенти Дональд Трамп Орусияга карата чектөөлөрдүн экинчи фазасына өтүүгө даярдыгын билдирген.

Еврокеңештин төрагасы Антониу Кошта жаңы санкциялар АКШ менен тыгыз координация кылынарын айткан.

АКШнын каржы министри Скотт Бессент 8-сентябрдын кечинде О'Салливан менен кездешкенин, "тынчтык сүйлөшүүлөрүн колдоо боюнча Трамптын стратегиясы" алкагында бардык варианттар каралып жатканын билдирди.

"Биз Орусияга каршы катаал чара көрүүгө даярбыз. Бирок натыйжа болушу үчүн европалык өнөктөштөрүбүз биз менен бирге болушу шарт", — деди ал.

Азыркы тапта ЕБ Орусияга каршы санкциялардын 19-топтомун даярдоодо. Москва Батыштын чектөөлөрүнө 2022-жылы коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери кабылып келе жатат.

Кремль эч кандай чектөөлөр анын багытын өзгөртүүгө тоскоолдук жарата албай турганын билдирүүдө. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG