“Массалык башаламандыктар”, “Бийликти басып алууга чакырык” беренелери менен шек саналып камалган акын жана активист Аскат Жетигенди сот үч жылга абакка кести. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келген. Жарандык коом Аскат Жетигенди актап, камактан бошотууга чакырып келишкен.
19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Ильязбек Тажыбаев Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салды. Жарандык активист соттун бул чечимине макул эмес экенин жана ага каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрыла турганын айтты.
Жарым жылдан бери абакта отурган активист Афтандил Жоробеков үй камагына чыкты. 15-июндагы соттук отурумда анын адвокаты кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн жүйө келтирип, бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнгөн.
Бишкектин Ленин райондук соту абактагы төрт журналисттин абактагы мөөнөтүн 8-августка чейин узартты.
Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган журналист Актилек Капаров өзүн токтоосуз бошотууну талап кылып, колун кескилеп салганы тууралуу кат жазды.
АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери өлкөнүн ар кайсы тармактарын өнүктүрүүгө багытталган жүздөгөн долбоорлорду ишке ашырып келет. Уюм 1992-жылдан бери өлкөнүн өнүгүшү үчүн жалпысынан 600 млн. доллардан ашуун жардам көрсөткөн.
Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышы боюнча баяндамасы талкууланды.
Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде былтыркыга салыштырмалуу эки тепкичке көтөрүлүп, 120 орунду ээледи.
Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолукканда эки өлкөнүн кызматташтыгы, демократия, жарандык коом жана бейөкмөт уюмдар тууралуу да сөз кылганын “Азаттык” радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсунда айтты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков абактагы дагы бир саясатчы Азимбек Бекназаров экөөнө психологиялык кысым көрсөтүлүп жатканын билдирди. Азырынча Жаза аткаруу кызматы мындай дооматка жооп бере элек.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандагы интернет провайдерлерге ТикТок платформасын бөгөттөөнү тапшырды. Өткөн жылы Маданият министрлиги бул социалдык тармакты тыюу чечимин чыгарган.
Кыргызстанда медицина, билим берүү, адам укугу сыяктуу социалдык долбоорлорду жүзөгө ашырып келген “Сорос-Кыргызстан” фонду өз ишин токтотууда. Уюм жабылышына өлкөдө кабыл алынган бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам себеп болгонун, анда “чектөөчү жана так эмес эрежелер” бар экенин белгиледи.
Дагы жүктөңүз