Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:06

Туу үчүн алты айлык абак. Жоробеков үй камагына чыкты


Афтандил Жоробеков.
Афтандил Жоробеков.

Жарым жылдан бери абакта отурган активист Афтандил Жоробеков үй камагына чыкты. 15-июндагы соттук отурумда анын адвокаты кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн жүйө келтирип, бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнгөн.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучуларды актаган соттук чечимдин активисттин үй камагына чыгышына тиешеси барбы?

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыгып камалган жарандык активист Афтандил Жоробеков үй камагына чыкканы 15-июнда кечинде белгилүү болду.

Бөгөт чарасы Ленин райондук сотунда каралган. Отурумда Жоробековдун адвокаты экспертиза учурунда активисттин "мыйзамсыз чакырык" жасаганы аныкталбаганын жүйө келтирип, үй камагына чыгарууну өтүнгөн.

Жоробековдун абактан чыккандан кийинки кыска билдирүүсү интернетке жарыяланды.

“Соңку алты айда тергөө абагында жатып, ден соолугума карашым керек болуп турат. Ошол себептүү дарыланууну пландап жатам. Тергөө жүрүп жатат. Азырынча ушуну гана айта алам”, - деген Жоробеков.

Ленин райондук соту 21-майдагы отурумда прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, Жоробековдун ишин кайра тергөөгө жөнөтүү чечимин чыгарган.

Мамлекеттик айыптоочу тарап Жоробековдун ишине байланыштуу айрым маалыматтарды кайра тергөөдө тактоо зарылдыгын жүйө келтирген. Активисттин адвокаттары соттун чечимине каршы кийинки инстанцияга даттанган эмес.

Жоробековдун иши боюнча эки жолу лингвистикалык экспертиза дайындалган. Алгачкы экспертизанын жыйынтыгында Жоробековдун айткандарында “массалык башаламандыкка чакыруу болгон” деген тыянак чыккан. Андан кийин жүргүзүлгөн көз карандысыз экспертизанын корутундусу буга толугу менен карама-каршы келип, кайра лингвистикалык экспертиза жүргүзүлүп, анда активисттин билдирүүсүндө “массалык башаламандыкка чакыруу болгон эмес, бирок бул билдирүүнүн астында терс маанайдагы пикирлер жазылган” деген жыйынтык чыккан.

Жоробековдун адвокаты Жаныш Бараков тергөөгө кайтарылган иш эми кандай нукта каралылышы мүмкүн дегенде буларды айтты:

“Экинчи экспертизанын жыйынтыгы жакшы чыкканы үчүн прокуратура ишти сотко чейинки өндүрүшкө кайтарууну сураган. Азыр материалдар Бишкек шаардык милициясында, тергөө уланып жатат. Менимче, тергөө ишти кайрадан экспертизага жөнөтүшү мүмкүн. Анда өздөрүнүн жана биздин кошумча суроолорду кошуп жөнөтөт деп ойлойм. Бирок азырынча кайра экспертиза дайындоо боюнча токтом чыга элек. Бизди тергөөгө качан чакырат, билбейбиз”.

Жоробековдун бөгөт чарасынын өзгөрүп, үй камакка чыгышы соттун чечими менен Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан 22 саясатчы, укук коргоочу, активисттердин акталганына удаа окуя болду.

14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков “массалык башалмандыктар” жана “бийликти күч менен басып алууга” айыпталган 22 кишини актады.

Адам укугу жана сөз эркиндиги маселесин көтөргөн Кемпир-Абад иши жана Афтандил Жоробеков боюнча соңку соттук чечимдерди саясий мүнөздө деп баалагандар да бар. Алардын бири "Интербилим" коомдук уюмунун Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева:

“Бул чечимдер бийликтин Курман айттын алдындагы ырайымдуу иш-аракети го. Муну менен бийлик толугу менен артка чегинди деп айта албайбыз. Себеби, камалган журналисттер чыга элек. Эркиндик үчүн күрөшкөндөрдүн бир тобун абакта кармоо зарыл болуп тургандай. Эркиндиктин бир эшигин ачканы менен башка эшигин жаап жатышат. Тынч митингдерге киргизилген тыюунун мөөнөтү улам узартылып келет, алынган жок”.

Кыргызстанда талаш жараткан жана адам укугу, сөз эркиндигине байланышкан дагы бир катар иштер бар. Алсак, 11 журналисттин, жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин, акын Аскат Жетигендин жана оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун жана социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголгон учурлар болгон.

Мындай абалга камтамачылыгын билдирип, бир катар эл аралык уюмдар жана жергиликтүү жарандык уюмдар кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоп, демократиялык баалуулуктарды коргоого үндөп жүрөт.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул соттук процесстер жана кылмыш ишинин козголушун "Азаттыктын" түз эфиринде “тарбиялык чара” катары мүнөздөгөн.

“Аларды эч ким түрмөдө чиритейин деген жок. Бирок тарбиялык иштер болот. […] Албетте, сөз эркиндиги болот. Мына, быйыл күзүндө жергиликтүү кеңешке, бир-эки жылдан кийин Жогорку Кеңешке шайлоо болот. Шайлоого келип, добуштарды ал. Баягыдай эле туруксуздукту пайдаланып, элди дүрбөтөм, карандай калптарды айтам дегендерге ушуну менен чекит коюлду”, - деген Байсалов.

Кемпир-Абад иши: Айыпталгандар акталды
please wait

No media source currently available

0:00 1:10:39 0:00

Активист Афтандил Жоробековго "бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздикке, ага тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу" беренеси менен айып тагылган. Ал былтыр 7-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыкканы үчүн камалган.

Афтандил Жоробековду абактан бошотуу маселеси парламентте дагы көтөрүлгөн. Активисттин апасы уулун бошотууну талап кылып, бийликке кайрылуу жасаган. Жоробеков социалдык тармактар аркылуу пикирин ачык билдирип, мамлекеттик мекемелердеги мыйзамсыз көрүнүштөргө сын айтып жүргөн активдүү жаран катары таанымал.

  • Инстаграмдагы bespredelkg30 баракчасынын түзүүчүсү Афтандил Жоробеков камалганга чейин, былтыр март айында да Октябрь райондук милициясына чакырылган. Милиция аны Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси, тактап айтканда, "Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты араздашууну козутуу" боюнча күбө катары суракка алган.
  • 2019-жылы атайын кызмат аны "Аймак аралык кастыкты козутту" деген шек менен камаган. Активистке "Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн" деген айып тагылган. Жарандык коом активистти бошотууну бийликтен талап кылган. Жоробеков көп өтпөй камактан бошотулуп, иши токтотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG