Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы дүйнө чемпионатынын 4-дивизионунун алтын байгесин утту. 8-мартта Кыргызстандын курамасы Кувейттен келген хоккейчилерди 14:0 менен утуп, жалпы жыйынтыкта биринчи орунга чыкты.
3-мартта Бишкектеги "Бишкек Арена" спорт комплексинде хоккей боюнча IV дивизиондогу I Дүйнө чемпионаты башталды. Ага Кувейт, Малайзия, Кыргызстан, Иран жана Сингапурдун командалары катышууда. Оюндар 8-мартка чейин уланат.
Бээжинде Кышкы Олимпиада-2022 оюндары расмий жыйынтыкталды. Анда спорттун 15 түрү боюнча 109 медалдын комплектиси ойнотулду.
4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.
Лыжа спортунун чебери кыргызстандык Максим Гордеев өлкөнүн атынан кышкы Олимп оюндарына жолдомо алган жалгыз спортчу. Ал "Азаттыкка" курган маегинде февралда Бээжинде өтчү Олимп оюндары, Кыргызстандагы тоо лыжа спорту жана Каракол лыжа базасы тууралуу ой бөлүштү.
Эркин күрөш боюнча жаштар арасында дүйнөнүн вице чемпиону Калмира Билимбек кызы быйыл жазында өтө турган Азия оюндарына даярдык көрүп жатат. Учурда ал Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы атасы салган күрөш залда машыгууда.
4-февралда Бээжинде XXIV Кышкы Олимпиада башталат. АКШ жана бир катар мамлекеттер Кытайдагы адам укуктарынын абалына, Шинжаңдагы мусулмандарды басмырлоого, Тибеттеги, Гонконгдогу антидемократиялык аракеттерге нааразылык билдирип, дүйнөлүк мелдештерге расмий делегацияларын жөнөтпөөнү чечти.
Нарындагы лыжа спорт мектебиндеги жападан жалгыз канаттык жолдо окуучулар үчүн шарт толук тузүлгөн эмес. Атайын техникалардын жоктугунан балдар көк муштум болгуча трассаны жөө таптап чыгышат.
Бүгүн- 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары ант берип, өз ишин баштады.
Бишкекте көрүүсү жана угуусу начар адамдар арасында волейбол жана шахматтан жаңы жылдык мелдеш өттү. Волейболдон мелдеште кыз-келиндер жана эркектерден түзүлгөн сегиз команда күч сынашты.
Дагы жүктөңүз