Чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф, Эл аралык хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Петр Бржиза, Германиянын хоккей федерациясынын президенти Франц Рейндл жана Эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания боюнча вице-президенти Айваз Оморканов баш болгон бир катар ардактуу коноктор катышты.
Бишкекте хоккей боюнча чемпионат башталды
3-мартта Бишкектеги "Бишкек Арена" спорт комплексинде хоккей боюнча IV дивизиондогу I Дүйнө чемпионаты башталды. Ага Кувейт, Малайзия, Кыргызстан, Иран жана Сингапурдун командалары катышууда. Оюндар 8-мартка чейин уланат. Мелдеш жыйынтыгында көч башын жетектеген команда III дивизиондо ойноого жолдомо алат.
![Президент Садыр Жапаров 2022-жылдагы хоккей боюнча IV Дивизиондогу Дүйнө чемпионатынын ачылышын баштап берди. ](https://gdb.rferl.org/01e20000-0aff-0242-4c8e-08d9fd371578_w1024_q10_s.jpg)
1
Президент Садыр Жапаров 2022-жылдагы хоккей боюнча IV Дивизиондогу Дүйнө чемпионатынын ачылышын баштап берди.
![Малайзия, Сингапур, Кувейт, Кыргызстан жана Ирандын хоккейчилери президент Садыр Жапаров менен. 3-март, 2022-жыл. ](https://gdb.rferl.org/01cc0000-0aff-0242-38c9-08d9fd3713d7_w1024_q10_s.jpg)
2
Малайзия, Сингапур, Кувейт, Кыргызстан жана Ирандын хоккейчилери президент Садыр Жапаров менен. 3-март, 2022-жыл.
![Малайзиянын хоккей боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү. 3-март, 2022-жыл. Бишкек.](https://gdb.rferl.org/01cc0000-0aff-0242-0c99-08d9fd3713d7_w1024_q10_s.jpg)
3
Малайзиянын хоккей боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү. 3-март, 2022-жыл. Бишкек.
![Хоккей күйөрмандары. 3-март, 2022-жыл. Бишкек. ](https://gdb.rferl.org/01e20000-0aff-0242-cfef-08d9fd3713d5_w1024_q10_s.jpg)
4
Хоккей күйөрмандары. 3-март, 2022-жыл. Бишкек.
![Малайзия жана Кувейттин хоккейчилери IV дивизиондогу Дүйнө чемпионатында. 3-март, 2022-жыл.](https://gdb.rferl.org/01cc0000-0aff-0242-e838-08d9fd36b26d_w1024_q10_s.jpg)
5
Малайзия жана Кувейттин хоккейчилери IV дивизиондогу Дүйнө чемпионатында. 3-март, 2022-жыл.
![Алгачкы мелдеш күнү эки оюн болду. 1-турда Малайзия оюнчулары Кувейтти 5:2 эсебинде жеңди.](https://gdb.rferl.org/01e20000-0aff-0242-2c3f-08d9fd368183_w1024_q10_s.jpg)
6
Алгачкы мелдеш күнү эки оюн болду. 1-турда Малайзия оюнчулары Кувейтти 5:2 эсебинде жеңди.
![2-турда Кыргызстан менен Ирандын хоккейчилери беттешти. Оюн кыргыз хоккейчилеринин пайдасына, 13:1 эсеби менен аяктады.](https://gdb.rferl.org/01cc0000-0aff-0242-af43-08d9fd35c5de_w1024_q10_s.jpg)
7
2-турда Кыргызстан менен Ирандын хоккейчилери беттешти. Оюн кыргыз хоккейчилеринин пайдасына, 13:1 эсеби менен аяктады.
![](https://gdb.rferl.org/01cc0000-0aff-0242-c75e-08d9fd35931a_w1024_q10_s.jpg)
8
![Ирандын дарбазасына чабуул жасаган кыргыз хоккейчилери.](https://gdb.rferl.org/01e20000-0aff-0242-4201-08d9fd35931f_w1024_q10_s.jpg)
9
Ирандын дарбазасына чабуул жасаган кыргыз хоккейчилери.
![Чемпионат 8-мартка чейин уланат. Мелдеш жыйынтыгында көч башын жетектеген команда III дивизиондо ойноого жолдомо алат. ](https://gdb.rferl.org/01cc0000-0aff-0242-f833-08d9fd35ce12_w1024_q10_s.jpg)
10
Чемпионат 8-мартка чейин уланат. Мелдеш жыйынтыгында көч башын жетектеген команда III дивизиондо ойноого жолдомо алат.
![](https://gdb.rferl.org/01cc0000-0aff-0242-ec46-08d9fd35ce0e_w1024_q10_s.jpg)
11
![ “Бишкек-Арена” спорт комплекси. Оюндардын жадыбалы: 1-тур — 3-март. 16:00 Малайзия — Кувейт 20:00 Кыргызстан — Иран 2-тур — 4-март. 19:00 Сингапур — Иран 3-тур — 5-март. 17:30 Кувейт — Сингапур 20:00 Кыргызстан — Малайзия 4-тур — 6-март. 19:00 Иран — Кувейт 5-тур — 7-март. 17:00 Малайзия — Иран 20:00 Кыргызстан — Сингапур 6-тур — 8-март. 17:00 Сингапур — Малайзия 20:00 Кыргызстан — Кувейт](https://gdb.rferl.org/01e20000-0aff-0242-4066-08d9fd3713cb_w1024_q10_s.jpg)
12
“Бишкек-Арена” спорт комплекси.
Оюндардын жадыбалы:
1-тур — 3-март.
16:00 Малайзия — Кувейт
20:00 Кыргызстан — Иран
2-тур — 4-март.
19:00 Сингапур — Иран
3-тур — 5-март.
17:30 Кувейт — Сингапур
20:00 Кыргызстан — Малайзия
4-тур — 6-март.
19:00 Иран — Кувейт
5-тур — 7-март.
17:00 Малайзия — Иран
20:00 Кыргызстан — Сингапур
6-тур — 8-март.
17:00 Сингапур — Малайзия
20:00 Кыргызстан — Кувейт
![ ](https://gdb.rferl.org/01e20000-0aff-0242-1d61-08d9fd35c577_w1024_q10_s.jpg)
13
![ ](https://gdb.rferl.org/01e20000-0aff-0242-57cd-08d9fd35c651_w1024_q10_s.jpg)
14
![IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Эл аралык хоккей федерациясы (IIHF) тарабынан 2020-жылы негизделген. Уюшулгандан баштап эки жыл бою коронавирус пандемиясына байланыштуу өтпөй калган.](https://gdb.rferl.org/01cc0000-0aff-0242-edae-08d9fd35c570_w1024_q10_s.jpg)
15
IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Эл аралык хоккей федерациясы (IIHF) тарабынан 2020-жылы негизделген. Уюшулгандан баштап эки жыл бою коронавирус пандемиясына байланыштуу өтпөй калган.
![Хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине келген Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болду. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймакта спорттун бул түрүн өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Жапаров Эл аралык хоккей федерациясынын президентин Кыргызстанда хоккейди өнүктүрүүгө, ошондой эле хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатты уюштурууга кошкон зор салымы үчүн “Достук” ордени менен сыйлады.](https://gdb.rferl.org/01e20000-0aff-0242-4b93-08d9fd371628_w1024_q10_s.jpg)
16
Хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине келген Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болду. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймакта спорттун бул түрүн өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Жапаров Эл аралык хоккей федерациясынын президентин Кыргызстанда хоккейди өнүктүрүүгө, ошондой эле хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатты уюштурууга кошкон зор салымы үчүн “Достук” ордени менен сыйлады.
![](https://gdb.rferl.org/01e20000-0aff-0242-4675-08d9fd35cec0_w1024_q10_s.jpg)
17
![ ](https://gdb.rferl.org/01e20000-0aff-0242-9c81-08d9fd35ce0c_w1024_q10_s.jpg)
18
![ ](https://gdb.rferl.org/01e20000-0aff-0242-28dc-08d9fd35ce08_w1024_q10_s.jpg)
19