АКШнын президенти Израил менен ХАМАС радикал уюмунун ортосунда ок атышууну токтотуу келишими жетишилгенин 15-январдын кечинде жарыялады. Көп өтпөй ЦАХАЛ Газага аба соккуларын улантканы кабарланды.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда быйыл 1-майдан тартып электр энергиясы 26 тыйынга кымбаттай турганын айтты. Буга чейин Энергетика министрлиги декабрь айынын башында электр жарыгын колдонуу көрсөткүчү тарыхый чекке жеткенин билдирген.
БУУнун атайын баяндамачысы укук коргоочу Азиза Абдирасуловага социалдык тармактарда каралоо жүрүп жатканы иликтениши керектигин билдирди. Абдирасулова коопсуздугунан улам былтыр декабрда Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткен. Кыргыз бийлиги болсо эч кандай коркунуч жоктугун билдирген.
Энергетика министрлиги май айынан тартып электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттай турганын билдирди. Тариф жыл сайын, инфляцияга жараша көтөрүлүп турары айтылды. Карапайым тургундар баа көтөрүлгөнүнө жараша электр жарыгы жеткиликтүү болушун белгилеп, азыркы таптагы өчүрүүлөргө нааразы.
Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Жанна Самышева милицияга сурак берип чыкты. Партиянын дагы бир мүчөсү Анарбек Катаганов учурда кайда экени белгисиз болуп жатканын партиялаштары кабарлады.
Ош мэриясынын Коммуналдык чарба башкармалыгына тиешелүү делген иш кагаздар жана документтердин көчөгө ташталганы боюнча териштирүүлөр башталды.
12-январда Түштүк Кореянын чалгын кызматы украин күчтөрү Түндүк Кореянын эки аскерин туткунга алганын ырастады. Сеул Курск облусунда түндүк кореялык 300дөн көп аскер набыт болгонун билдирди.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көлдө пирстин үстүнө бууканаларды (парилка) салууга уруксат берүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугушуусуна даярдык жүрүп жатканын айтты.
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугууга даярдык жүрүп жатканын айтты. Кыргызстанда Орусиянын, Армениянын, Грузиянын, Абхазиянын номери менен жүргөн автоунаалар мыйзамдаштырылат. Жогорку Кеңештин кызматкерлери аралашкан чыр боюнча кылмыш иши козголду.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов «мамлекеттик чыккынчылыкка» жана Январь окуялары маалында «бийликти басып алууга» айыпталып, былтыр 18 жылга кесилген.
Запорожье шаарында аба чабуулдарынан 13 кишинин өмүрү кыйылды. Темирлан Султанбеков эки айдан бери өзүнүн катышуусунда бир дагы тергөө иш-чарасы жүргүзүлбөгөнүн билдирди. АКШнын Лос-Анжелес шаарынын айланасындагы өрт беш кишинин өмүрүн алды.
Дагы жүктөңүз