Ош шаарындагы Бабур атындагы академиялык өзбек музыкалуу драма театры - Борбор Азиядагы алгачкы маданий жайлардын бири.
Жаз келип, Оштогу Сулайман-Тоого сейилдегени чыккандар көбөйдү. ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастарынын тизмесиндеги Сулайман-Тоонун көркүн ачкан өрүк гүлдөрү жана табияттан ырахат алып жүргөн тургундарды “Азаттыктын” кабарчысы сүрөткө тартып келди.
“Крокус Сити Холлдогу” терактка шектүү төрт кишини Москванын Басман райондук соту эки айга камады. Алардын баары коюлган айыптарды мойнуна алганы кабарланды. 22-марттын кечинде болгон куралдуу кол салуу 137 кишинин өмүрүн алды, жабыркагандардын саны 180ге жетти. Алардын көбүнүн абалы оор.
“Крокус Сити Холлдогу” терактка шектелген төрт киши эки айга камалды. Куралдуу кол салууда 137 киши каза болуп, жабыркагандардын саны 180ге жетти. Атайын кызмат издөөдө жүргөн мурдагы бажычы Райымбек Матраимов Бакуда экенин,
Москванын Басман райондук соту 22-марттагы “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы кол салууга шектүү делген төрт кишини 22-майга чейин камакка алды. Далержон Мирзоев, Муродали Рачабализоде, Мухаммадсобир Файзов жана Шамсидин Фаридун терроризмге айыпталууда. Соттук жараян жабык өттү.
Ош облусунун Чоң-Алай районунда дыйкандар картөшкөсүн сата албай, чирип атат. Аймактагылар картөшкөнү жыл сайын Өзбекстан, Казакстан, Орусияга чейин экспорттоп келген. Быйыл суроо-талап жок болуп, баа түшүп кеткендиктен, картөшкө малга тоют болууда.
Таластык дыйкандар төө буурчак мурдагыдай мол түшүм бербей калганын айтууда. Адистердин айтымында, бул жагдай бир катар себептерге байланыштуу. Европанын базарларына чейин жеткен кыргыз төө буурчагынын келечеги кандай болот?
Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде АКШнын резолюция долбоору добушка коюлат. Анда Вашингтон анклавга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн ок атышууну дароо токтотуу зарыл экенин белгилейт.
22-мартта Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болуп, соңку маалымат боюнча курмандыктардын саны кеминде 133 кишиге жетти. Орусиянын айрым расмий өкүлдөрү кандуу окуяны "теракт" деп атай башташты.
Орусия Украинанын энергетика тармагына чабуул жасап, өлкө аймагында электр берүү үзгүлтүккө учураганы кабарланды. Бул арада Орусиянын Белгород шаары да аткылоого кабылды. Бишкек ЖЭБдеги авариядан жабыркаган кызматкер кенемте төлөнбөй жатканын айтып, өлкө жетекчилигине кайрылды.
“Ихсан” кооперативи аркылуу батир алууга акча салган жарандар бийликке кайрылып, алардын көйгөйүнө көңүл бурууну суранды. Алар кооперативдин банк эсебиндеги акчанын бир бөлүгү чыгарылып кеткенин, жабыркагандарга бирдей мамиле жасалбай жатканын айтып даттанууда.
Баткенде коомдук уюмдардын көмөгү менен мигранттардын үй-бүлөлөрү, эмгек миграциясында жүрүп келгендер каржылык сабатуулук боюнча окуп, ишкердик баштоого каражат алууда. Бул иш чек арадагы аймакта мигранттарды реинтеграциялоо долбоорунун алкагында жүрүүдө.
Дагы жүктөңүз