Кыргыз турмушуна айрым чет элдиктердин көз карашы тууралуу тамашалуу түрмөк.
"Кудай жалгап, кыргыздар "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жакшы кылганы жатыптыр" деп угуп, Ат-Башыга Америкадан инвестор келет. Аны угары менен аким шымаланган жигиттерин жөнөтүп, мейманды кыядан тосуп алып, райондун тамтыгы чыккан көчөсүнүн чаңын асманга бир чыгарып барып, түз эле токойго алып кирип кетет. Кой союп, шишкебек жасап, жакшылап коноктойт. Эртеси түндөгү бешбармакты жылытып, желбей калган устуканды алдына тартат.
Америкалык инвестор ошол күндөн баштап үйүнө кат жаза баштайт.
“Аман-эсен жеттим. Тоолуу жер экен. Келерим менен кой союшту. "Сенин урматыңа сойдук" дешти. Баарын бышырды. Анан аз эле киши келип, бүт жеп алып туруп кетти. Жилигин да чагып, “чучук” деп мага да жедиртишти. Эттин артынан сүт беришти. Ачуу, кычкыл сүт экен. Ичпегениме болбой ичиртишти. Азыр ашказаным дүңкүйүп, жүрөгүм айланып, жаман болуп турам.
Силердин Жек. Июнь, Ат-Башы”.
* * *
“Иш али баштала элек. “Баштабайлыбы, ушинтип эле жүрө беребизби?” десем, өкмөттүн өкүлү: ”Шашкан шайтандын иши” деп койду. Мени Таш-Рабат деген байыркы кылымдарда курулган таш үйгө апкелишти. Боз үй дегенди ушул жерден көрдүм. Кечээги бир койдун этин бүт жегендер бүгүн тай союп жатышат. “Тай казан” деп коюшат экен, мындай казанды мен өмүрүмдө көргөн эмесмин. Ошол казан менен дагы бир казанга толтура эт салып, бышыра башташты. “Биздин штатка жеткидей эт” деп ойлоп койдум.
Ашказаным түнү бою ооруп чыкты. Басылайын деген түрү жок. Буларда даараткана деген болбойт экен. “Даараткана кайда?” десем, өкмөттүн өкүлү: “Карачы, не деген керемет жер! Бизде жер-суунун баары даараткана! Рабат сарайды айланып барып олтура бер?” деди. Тарыхый эстеликти булгабайын деп алыс барып келдим. Канча саат олтурганымды билбейм. Келсем эт чыгарып жатышыптыр. Кускум келе баштады. Билип турам, булар бүгүн да "же" деп кыйнайт. Кантип кутуларымды билбейм. Минтип күнүгө эт жей берсем, жакында өлүп калат болушум керек.
Силердин Жек, Июль, Ат-Башы”
* * *
“Келгениме үч айдын жүзү болду. Иш дагы эле баштала элек. Жок дегенде эмгиче заводдун фундаментин бүтүп салат элек. Кечээ Арпада болгонбуз, аябай түз жер экен. Бүгүн Ак-Сай деген жайлоосуна алып келишти. Өкмөттүн өкүлү: “Жайдын мындай керемет күндөрүнүн бир да мүнөтүн текке кетирбей, сүт ичип, ак ичип, ден соолукту чыңдап алыш керек!” - дейт. Түшкө жуук Чатыр-Көл деген көлүн көрсөтүштү. Дат баскан темир түтүктөн чыгып аткан суудан ичишти. “Нарзан” деген суу ушу, сен дагы ичип ал, жеген этиңден эч нерсе калбай сиңип кетет” дешти. Бир аз ичтим. Чын эле сонун суу экен.
Анан баягы койдун, кийин тайдын этин бүт жеген кишилер каткырып коюп килейген топоз союп атышты. Башым айланып, кекирген сайын оозумдун ичи жумуртка жыттанып кирди. Ичим аттиш менен бурагансып бурап, кыймылдасам эле оозумдан да, арт жагымдан да билинбей бирдемке жылжып-жылжып кетип жатты. Мындайын билгенде кечээ эле өлүп калат болчумун.
Кош, апа! Сенин тилиңди албаган жаман уулуңду кечир!
Кош, ата! “Кыргызстанга барба, барсаң “шапке” сурап, шапкесин бербесең элин митингге чыгарып атып иштетпей коюшат” деген сөзүңдү укпаганымды кечир!
Банктагы акчамды мен окуган мектепке которуп койгула! Мүрзөмө “Кыргызстандын Ат-Башысынан өлгөн” деп жаздыртып койгула!".
Жек, август, Ат-Башы.
* * *
Ошол күндөн ушул күнгө чейин бизде канча президент алмашты. Дагы эле Кыргызстандын Ат-Башысына чет өлкөдөн бир да инвестор келе элек.