Турмушта болгон тамаша окуяларды интернеттеги коомдук тармактар аркылуу бөлүшүп калышат. “Күлкү кербендин” жаңы чыгарылышында ошондой окуялардан бир шиңгил.
* * * * * * *
Дүлөй келиндер
Бир киши айылда кошуналары менен чай ичип отуруп: “Биздин үйдө дүлөй келин бар, кир жууйт, чай кайнатат, нан бышырат!” – деп мактанса, аны уккан келини кайын энесине даттаныптыр:
- Кой десеңиз боло! Сүйлөбөсөм эле “дүлөй” деп кошуналарга уят кылды, кайнатам.
Байбичеси кечинде чалын урушат:
- Деги сен жөн карыбайсың, келинди “дүлөй” деп келеке кылыпсың!
Анда тигил абышка келини менен байбичесин чакырып, маңдайына отургузуп алып айтыптыр:
- Садагаң кетейиндер! Мен тамашалап кир жууган машинени, кофе кайнаткан аспапты, тамак бышырчу микротолкун мешти “дүлөй келиндер” деп тергейм. Эми уулум чаң соргуч робот келин да камдап жатат силерге! – дептир.
* * * * * * *
Ачуусу чукул ак жуумал келин
Агамдыкына эски кир жуугучтун ордуна апакай болгон жаңы кир жуугуч машине алып келишет.
Бир иним:
- “Жаңы келин” кут болсун. Ак келин тура! - деп тамашалаптыр.
Бул жабдууну толук чече электе эле бирөө электрге туташтырып жиберсе, жаңы машине ордунан секирчүдөй кыймылдап, катуу доош чыгарат.
Коркуп кетип аны дароо өчүрүшөт.
Карап турган иним:
- "Ак келиниңер” катуу мөңкүдү го! - деп күлдүрүптүр.
Кир жуугучтун эрежесин жакшылап окуп текшеришсе, ары-бери ташыганда жабдуу кыйшалактабасын деп эң түбүндө убактылуу бекитип койчу бурамасы чыгарылып салына элек тура!
* * * * * * *
Мен "токол" алганда
Жумушума байланыштуу үйгө дайым кеч келчүмүн. Келинчегим да кеч кайтат. Үйгө келгенде эле тынч отуруп калмай жок. Балдарды карамай, тамак жасамай, кир жуумай, үй жыйнамай... Кыскасы, үйдүн толгон-токой түйшүгү.
Бир күнү адаттагыдай эле үйгө кеч келсем, келинчегим менден 15 мүнөттөй эрте келип, кир жууп атыптыр. Кирпигинен тартса жыгылчудай. Байкушум!..
Жүзүнө үңүлө карадым да:
- Качанга чейин ушинтип кыйналасың? Ишиңди жыйыштыр, же болбосо токол алам! -дедим.
Мени таң кала карап:
- Ал каякта жашайт, алсаң? Үйүбүз тар эмеспи? - дейт.
- Батышабыз...
Эртеси чалдым да:
- Бүгүн үйгө эртерээк бар, сага күндөш алпарам, даярданып тур! -деп үндөшмөмдү өчүрүп койдум.
Кайра кайра чалып атат. Трубканы көтөрбөйм. 33 жолу кабыл алынбаган чалуу болду окшойт. Кыскасы күн өттү.
Жаңы “күндөштүн атасына” 22000 сом калыңын да төлөдүм. Кечинде таксиге отургузуп, аны үйгө алпардым. “Басалбайм, кантип киребиз үйүңүзгө” дегенинен таксист экөөбүз ынабаганына карабай төртүнчү кабатка көтөрүп чыктык, тердеп-тепчип.
Эшикти такылдатсам, аялым ачпай койду. Көпкө такылдаттым. Ачпайт. Тепкиледим...
Акыры ачты. Келинчегимдин көздөрү шишиген, ыйлаган окшойт го чамамда.
“Күндөшүң келди, тосуп ал!” – десем, дулдуңдап аркы бөлмөгө кирип кетти...
Таксист экөөбүз токолду эптеп алып кирдик да, жуунуучу бөлмөгө жайгаштырдык. Жибинен кармап токко сайып, куйругун канализацияга улап, анан таксистти жөнөтүп ийдим да:
- Кемпии-ир, кел эми, күндөшүң кызматыңа даяр! - деп келинчегимди жетелеп келип, автомат кир жуучу машинаны көрсөттүм.
- Жинди, жинди-и, жинди-ии! -деп бир күлүп, бир ыйлап кучактап калды...
Ошондон бери үйдө ошол токол “лам” дебестен байбичем экөөбүзгө темирдей тартип менен кызмат кылат.
Булактар: egemen.kg, Фейсбук.
TT.