Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:19

Борбордук Азия күлкүсү: Сүт берген уй сыңары...


Сүзсөм – мүйүз сынат, сүзбөсөм – шилекей чуурат. Кимбайке. 03.7.2011.
Сүзсөм – мүйүз сынат, сүзбөсөм – шилекей чуурат. Кимбайке. 03.7.2011.

"Күлкү кербенинин" кезектеги чыгарылышы Борбордук Азия жана Орусия президенттери тууралуу эски анекдотторду эске салат.

Койчу, балыкчы, тоокчу, саанчы...

(Борбордук Азиядагы он беш жылдай илгерки саясий азил).

Пост-советтик Борбордук Азиянын түрк тилдүү өлкөлөрдүн президенттери ушул кылым башында өзүнчө жолугушуп калышыптыр дешет. Анан алар тамаша-чыны аралаш өз элдерин айыл чарба тармагына ж.б. салыштырып киришиптир.

– Менин калкым – кочкорго тете, - дептир Назарбаев, - оппозиция, партиялар, депутаттар, журналисттер бири-бири менен жөнү бар же жөнү жок сүзүшө берүүгө маш. Мен аларды эптеп ажыратып турган койчуга окшойм.

– Менин калайыгым болсо балык чарбасына окшойт, - дептир Каримов, - анткени дайыма өңгүл-дөңгүлү көп реформалар жүргүзүп турам. Элим болсо балыктан бешбетер ооз ачпайт.

– А бизде болсо тоок чарбасы өнүккөн, - дептир Акаев. - Анан калса биздеги короздор эл аралык фонддордун кайыр-садагаларын деле, Сентерра менен тымызын келишимимди деле, чек ара чечимдеримди деле, өзүмдү деле качырып келип чокулай беришет.

– Менин элим болсо сүт багытын жакшы өздөштүргөн, - дептир Түркмөнбашы. - Мен калкымды уй сыяктуу эле саай берем, саай берем, жооп иретинде мени жактырып анда-санда мөөрөп коюп турушат.

* * * * * * *

Каптап эле келатышат, ой!..

(Он жылдай илгерки анекдот)

Бир күнү орус президенти Путин бозгундагы Акаевдин акыбалын сурайын деп кабыл алыптыр.

- Бардыгы жакшыбы, Акаич?

- Сонун, Владимирич. Мен дүйнөдөгү кубаттуу мамлекеттер кантип каржылык кризистен кутулса болот? деген чыгарманы физиктин көзү менен жазып жатам.

- Чоң жетиликке жардам бербей эле койсоңуз, алар кризиске кептеле беришсин. Андан көрө алардан сыртта калган бизди тема кылбайсызбы. Баса, биз жакты бүт эле “жакшы” дей бербей, мени сындап деле койсоңуз?

- Эми сындасам, сындай кетейин. Курманбек качканда Беларуска тарттырып ийбей, менин жаныма эле алып келсеңиз болмок. Ал мантууну жакшылап жасатчу дешет. Кийинки качып келе турган борбордук азиялык калк башчыларына деп Барвихадан жер тилкесин кенен-чонон кесип, коруп койбосоңуз, жаңы орустар бүт баарын басып алып, ээлеп келатышат, ээлеп келатышат.

(Ар кыл булактардан).

XS
SM
MD
LG