Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:11

Күлкү кербени

Кыргыздын азил-тамаша айтуу өнөрүн аздектеген калемгерлердин бири, «Азаттыктын» окурманы Азизбек Келдибеков “Күлкү кербенине” жаңы азилдерин сунуштайт.

* * * * * * *


Коалиция түзүү алдындагы маек

Президент Роза Отунбаева «коалицияны түзүү ишин кимге тапшырсам» деп, партия жетекчилерин сыноого чакырат:
- Эки жерде эки канча? - дейт КСДПнын лидери Алмаз Атамбаевке.
- Үч, - дейт Атамбаев.
- Сарамжалдуу экенсиз. Экономиканы көтөргөн премьер-министр болосуз го, - дейт президент.
- Эки жерде эки канча? - деп «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевден сурап калат.
- Беш, - дейт Ташиев.
- Берешен экенсиз, депутат бойдон кала туруңуз, - дейт президент.
-Эки жерде эки канча? - дейт «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Куловдон.
- Төрт, - дейт Кулов.
- Акылдуу экенсиз, акылдуулар оппозицияга барышчу эле, - дейт президент.
- Эки жерде эки канча? - деп «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевден сурап калат.
- Конституцияда канча болсо ошончо, - дейт Текебаев.
- Мыйзамчы экенсиз, мыйзамдын артынан түшүңүз, - дейт президент.
- Эки жерде эки канча? - деп, «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдон сурап калат.
-Сиз канча десеңиз ошончо, - дейт Бабанов.
- Оо, мына сиз коалиция түзөсүз, - деп сүйүнүп кетиптир президент.


* * * * * * *


Интеллектуалдык коэффициент

(К.Бакиевдин тушунда бул азил саал башкараак айтылчу).

Өкмөт башчысы болгон соң Алмаз Атамбаев президент Роза Отунбаевага кайрылып:
- Роза Исаковна, командамды кантип түзөм? - деп кеңеш сурап калат.
- Акылына, интеллектуалдык көрсөткүчүнө карап алыңыз, - дейт президент.
- Акылын кантип текшерем? - дейт Атамбаев.
- Моминтип, - дейт президент өтүп бараткан Эмил Каптагаевди чакырып, -Эмил мырза, атаңыздын баласы, бирок, ал сизге ага да, ини да эмес. Ал ким? - деп сурап калат.
- Ал менмин! - дейт Каптагаев токтолбой.
Анан Атамбаев командасын түзгөнү жөнөйт. Караса эле Бабанов келатат.
- Өмүрбек мырза, бир суроо берейин жооп бериңизчи. Сиздин атаңыздын баласы, бирок ал сизге ага да, ини да эмес, - деп сурап калат Атамбаев.
- Ойлонууга уруксаат бересизби? - деп Бабанов кетип баратса, алдынан Текебаев чыгыптыр.
- Өмүрбек Чиркешович, сизден бир суроо сурайын, - деп Бабанов аны токтотот. - Атаңыздын баласы, бирок ал сизге ага да, ини да эмес. Ал ким? - дейт.
- Ал менмин! - дейт Текебаев.
Бабанов сүйүнгөн бойдон Атамбаевке келип:
- Таптым,таптым, ал Текебаев турбайбы! - дейт.
- Ай, Өмүкө ай, бир аз акыл тегеретсеңиз болбойбу. Ал деген Каптагаев эмеспи! – дептир Алмаз акең.


* * * * * * *


Мышыктын эбин табуу


Жогорку Кеңештин спикери Ахматбек Келдибековко чычкандар келишип, «мышыктан кантип кутулабыз?» дешип, кеңеш сурап калышат.
Келдибеков ары ойлонуп, бери ойлонуп акыры «Эврика» деп кыйкырып жиберет да:
- Кирпи болуп алгыла. Кирпиге мышыктар тийише албайт, - деп мыйзам жаза коюп, чычкандардын колуна кармата коёт. Ал мыйзамды алып чычкандар сүйүнүшкөн бойдон кетип баратышып, ойлонушуп, кайра келишип сурашат:
- А кантип кирпи болобуз? - дешип.
- Кызык, -дейт Келдибеков чычкандарды карап. - Ал менин көйгөйүм эмес. Мен силерге мыйзам жазып бердимби?
- Ооба, ооба, - дешет чычкандар.
- Аткарганын Атамбаев баш болгон өкмөт аткарсын, ошолорго кайрылгыла, - дептир спикер.



Азизбек Келдибеков
(«Азаттыктын» окурманы).

Карикатурачы Кимбайке (Төлөгөн Карыкеев) "Азаттыктын" азил артынган "Күлкү кербенине" Кыргызстандын мамлекеттик тили макамын расмий алганына карабастан, кайдыгерликтен жапа чеккен эне тилибиз тууралуу тамашалуу сүрөтүн сунуштайт.

Кыргыз тилибиз «Кызыл китепке» кирип калбасын! «Азаттык» үналгысы. TKy. 24.01.2011.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG