Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:56

Күлкү кербени

Sorry! No content for 28 Декабрь. See content from before

дүйшөмбү 27 Декабрь 2010

Карикатурачы Кимбайке (Төлөгөн Карыкеев) "Азаттыктын" "Күлкү кербенине" суктугунан улам кыргынга учураган “кашабаң” тууралуу азил сүрөтүн сунуштайт.


Эт жегендин чемпиону ким?

- Кана, тапчы, этти көп жегендердин арасынан ким чемпион? Жардам үчүн айта кетейин: экинчи орунда кыргыздар, үчүнчү орунда монголдор, үчүнчү орунда түндүк италиялыктар, төртүнчү орунда нивхилер, бешинчи орунда казактар, алтынчы орунда сахалар...

- М-м... Таппадым.

- Ха-ха-ха! Биринчи орунда карышкырлар да!

(Элдик азил)
* * * * *




“Эт жегендердин чемпиону” - бөрү өз бөлтүрүгү менен. "Азаттык үналгысы". Кимбайке. TKy. 25.12.2010.

Сөзирмемдер

Жең ичинен кеткен жолдо кытырап бирөө келатат

Казынанын жумшагын коррупция жейт

Карапайым калк тилдей берет, коррупция гүлдөй берет

Казынанын акчасы казинодо айланып атат

Койдон жоош мыйзамдын сүтүн коррупция сорот

Коррупция - коомдун капкурсагы, калың бети жана майкуйругу!

Күүсү кимдики болсо, пул-булу ошонуку

Коррупция - өкмөттүн ичеги курту

Май кармаган коррупционер чыканагына чейин жалайт

Бармак басты менен көз кысты баш кошкон жерде коррупция төрөлөт

Кимбайке

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG