Крым татарларынын Межлисинин башчысы Рефат Чубаров 6-марттагы маалымат жыйынында Межлис 16-марттагы Крым аймагын Орусияга кошуу тууралуу референдумду бойкот кылууга бардык этностордун өкүлдөрүн чакырганын жарыя кылды. Крым, Украина. 06.3.2014.
Украинанын Крым аймагынын парламенти 6-мартта Орусияга кошулууну жактап добуш берди. 16-мартта бул маселе референдумда каралмакчы. Симферополдун башка өңүрүндө аймактын Украинада калышын жактаган тынчтык жыйыны болду. Крым, Украина. 06.3.2014.
Жүздөгөн аялдар Украинага караштуу Крым автоном аймагынын борборунун чет жакасындагы Строгановка конушунда 6-мартта тынчтык жыйынын өткөрүшүп, аймактын Украинада кала беришин талап кылышты. Симферопол, Украина. 06.3.2014.
Орусиянын маалымат каражаттары Украинадагы кырдаал боюнча жалган маалыматтарды таратса, орус бийликтери аларга таянып жатканы сындалууда.
Ак үйдүн алдына Орусиянын Украинага каршы баскынчыл иш-аракетин айыптаган кыргызстандык коомдук активисттер пикетке чыгышты.
Крымдын борбору Симферополдо ондогон айымдар Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Жээк коргоо аскерлеринин штабынын имаратынын жанында жыйын өткөрүштү жана Украинанын аскерлерин колдоп, аларга гүлдестелер тапшырышты. ЭЕ/АҮ Украин кызматы. 04.3.2014.
Симферополдо Украина аскер деңиз флотунун Жээкти кайтаруу аскерлеринин имаратынын жанында аялдар тобу Крымга орусиялык аскерлерди киргизүүгө каршы нааразылык жыйын өткөрүштү. Орусиялык экендиги жоромолдонгон жоокерлер жыйынды токтотту. 04.3.14.
Russian President Vladimir Putin has called the change of government in Ukraine an "unconstitutional coup and an armed seizure of power." At a news conference in Novo-Ogaryovo near Moscow, Putin said Viktor Yanukovych is still Ukraine's legitimate president but that he has no political future.
Евробиримдик, эгерде бул аймакта чыңалган кырдаал жөнгө салынбаса, анда Орусияга каршы чектөөлөр киргизүүнү караштырмакчы.
Крымдын айрым аймактарында орусиялык экендиги жоромолдонгон куралчан жоокерлер кайгуулда жүрөт.
Эч бир эн белгиси жок жоокерлер Украинанын Симферополь шаарынын көчөсүндө кайгуулда турушат. Бет кепчен бул жоокерлер орусиялык экендиги жоромол кылынууда. Алардын унаасында да номур жок. 02.3.14. ("Америка доошу" / Voice of America тасмасы).
Дагы жүктөңүз