Москвада Украинадагы аскердик интервенцияга каршы чыккан ондогон киши кармалды.
Украинанын Харьков облустук акимиятын Украинанын жаңы бийлигине жана Евромайданга каршы күчтөр чабуулга алды. Алар орусча уят сөздөрдү кыйкырып, кеңсенин терезелерин талкалашты жана айрым кишилерди ур-токмокко алышты. Харьков, Украина. 01.3.2014.
Орусия парламентинин жогорку палатасы - Федерация кеңеши 1-мартта президент Владимир Путиндин Украинанын аймагында орусиялык куралдуу күчтөрдү колдонуу сунушун колдоп, добуш берди.
Украинанын бийликтен четтетилген президенти В.Янукович Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы маалымат жыйынында президент В.Путиндин колу бошосо эле аны менен жолугушууга ынтызардыгын, өзүн дагы эле Украинанын мамлекет башчысы санаарын айтты. 28.2.2014. (Reuters).
Украинада бийликтин алмашуусуна алып келген соңку окуялар Кыргызстанда кызуу талкуу жаратты. Майдандагы окуялар Кыргызстанда кайра кайталанышы мүмкүнбү?
Украинада бийликтен четтетилген президент Виктор Янукович Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында маалымат жыйын өткөрдү. Ал азырынча Орусиянын президенти менен телефон аркылуу гана баарлашканын, Владимир Путин бош убакыт тапса эле, ага жолугаарын айтты.
Бейшембиде Симферополь шаарында Крым автономдук республикасынын өкмөтү менен парламентинин имаратын куралчан белгисиз адамдар ээлеп алды. Имараттарда Орусиянын желектери илинип турат. Парламент имаратындагы окуянын күбөсүнүн сөзү.
Чәршәмбе Акмәчеттә меңнәрчә кырымтатар Кырым Югары Радасы бинасы янына җыелды. Алар Кырымны Украинадан аерып Русиягә кушу тырышлыкларына каршы чыга. Кырымны Русиягә кушу тарафдарлары шунда ук үз җыенын үткәрә.
Киевде расмий маалымат боюнча 18-февралда башталган куралдуу кагылыштарда 82 кишинин өмүрү кыйылды. Өлкө президентинин милдетин парламенттин төрагасы Александр Турчинов аткарууда. 24-февралда бийликтен кулатылган президент Виктор Януковичти камоого буйрук берилди. Жогорку Рада президенттик шайлоону 25-майда өткөрүүнү чечти. (Aббас Алтай, "Азаттыктын" азери кызматы)
23-февралда украин парламенти президенттин милдетин убактылуу аткарууну парламенттин спикери, экс-премьер Тимошенконун партиялашы Александр Турчиновго жүктөдү.
Дагы жүктөңүз