Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Крымдын парламенти Орусияга кошулуу үчүн добуш берди


Крым автономиялык аймагынын парламентинин имаратын орусиячыл куралчандар тороп турушат. 28.2.2014.
Крым автономиялык аймагынын парламентинин имаратын орусиячыл куралчандар тороп турушат. 28.2.2014.
Украинага караштуу Крымдын парламенти Орусияга кошулуу үчүн добуш берди жана бул боюнча референдум 16-мартта болоорун жарыя кылды. Орус маалымат булактары, Крым өкмөт башчысынын 1-орун басары Рустам Темиргалиевге шилтеме жасап, бул чечимди бардык депутаттар колдогонун билдирди. Темиргалиевдин айтымында, референдумга “Сиз Крымдын Украинада кала беришин каалайсызбы же Орусияга кошулуусун жактайсызбы?” деген маанидеги суроо коюлат.

Крымдын москвачыл жетекчилигин Украинанын борбордук өкмөтү мыйзамсыз деп эсептейт жана аймактын премьер-министри менен парламент төрагасын камакка алууну буйруган.

Крым өкмөтү оболу референдум 25-майда, андан кийин 30-мартта болорун билдирген эле. Крымдын калкынын көбү орус тилдүүлөр жана аймакта Орусиянын Кара деңиз флоту жайгашкан.

Крым жарым аралындагы жергиликтүү этностордун бири - крым татарларынын коомдук жолбашчысы Мустафа Абдулжамил Кырымоглу аймактын Украинада кала беришин жактай тургандыгын билдирген.

Жакында Крымдагы калайыктын Украинада калышын жактаган өкүлдөрү "Орусия, Украинадан колуңду тарт" деген ураан чакырган плакаттар менен нааразылык жыйынын өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG