Украинанын Крым автоном аймагынын ар кыл жерлеринде 16-мартка Крымдагы орусиячыл парламент белгилеген референдумга каршы нааразылык жыйындар өткөрүлдү. 14.03.2014. ЭЕ/АҮ.
Украинанын Донецк шаарында өлкөнүн эгемендигин жактагандар менен кремлчилердин атаандаш жыйыны маалында демонстранттар кагылышты. 13.3.2014. ЭЕ/АҮ.
Крымдын борбору Симферополдо "Орусияга кирүүнү каалабайбыз" деген ураан менен референдумга каршы флешмоб иш-чарасы өттү. ЭЕ/АҮ. Украина. 13.3.2014.
АКШдагы Ак Үйдө президент Барак Обама менен жолуккан соң, Украинанын өкмөт башчысы Арсений Яценюк расмий Кремль менен сүйлөшүүгө Киев даяр экендигин, бирок эгемен Украина эч качан тизе бүгүп багынбастыгын англисче айтты. 12.3.2014.
Жекшемби күнкү талаштуу референдум алдында Орусия Крымдагы татар жамаатын ийгерүү аракетин күчөттү.
Киев патриархатынын Симферополдогу жана Крымдагы бөлүмүнүн архиепискобу Климент Украинанын Крым автономиялык аймагынын бийликтерин уурдалып кеткен Андрей Щекун менен Анатолий Ковальскийди дароо бошотууга чакырды. 12.3.2014.
Бийликтен кулатылган президент Виктор Янукович өзүн Украинанын жалгыз легитимдүү президенти деп санайт жана кырдаал уруксат берсе Киевге кайтып барууга даяр. (Билдирүү орус тилинде)
Мурдагы орусиялык олигарх Михаил Ходорковский Киевдин Төбөлсүздүк аянтында 9-мартта чыгып сүйлөп, Орусиянын бийликтерин кескин сынга алды. Украина. 09.3.14. (Reuters тасмасы).
Крым татарларынын Межлисинин башчысы Рефат Чубаров 6-марттагы маалымат жыйынында Межлис 16-марттагы Крым аймагын Орусияга кошуу тууралуу референдумду бойкот кылууга бардык этностордун өкүлдөрүн чакырганын жарыя кылды. Крым, Украина. 06.3.2014.
Украинанын Крым аймагынын парламенти 6-мартта Орусияга кошулууну жактап добуш берди. 16-мартта бул маселе референдумда каралмакчы. Симферополдун башка өңүрүндө аймактын Украинада калышын жактаган тынчтык жыйыны болду. Крым, Украина. 06.3.2014.
Жүздөгөн аялдар Украинага караштуу Крым автоном аймагынын борборунун чет жакасындагы Строгановка конушунда 6-мартта тынчтык жыйынын өткөрүшүп, аймактын Украинада кала беришин талап кылышты. Симферопол, Украина. 06.3.2014.
Дагы жүктөңүз