Крымдагы Бахчисарай шаарында крым татарларынын 4-чакырылыштагы курултайынын кезексиз 2-отуруму 29-мартта өттү. Анда аймактагы соңку кырдаал талкууланды.
Крым татар Межлиси жердештерин украин паспортун сактоого чакырды. Бул тууралуу Межлис мүчөсү Ремзи Илиязов "Азаттыкка" билдирди. 20.3.14.
Симферополдо орус аскерлери кыйнап өлтүргөн крымтатары, 38 жаштагы Решат Аметовдун сөөгү 18-мартта жерге берилди.
Крымдагы референдумга эл активдүү катышканы кабарланууда. Бирок расмий Киев менен Батыш бул референдумду тааныбай турганын билдирди.
Крымдагы референдумга көз салып жаткан Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун Симферополдон "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Украинанын Крым автоном аймагынын ар кыл жерлеринде 16-мартка Крымдагы орусиячыл парламент белгилеген референдумга каршы нааразылык жыйындар өткөрүлдү. 14.03.2014. ЭЕ/АҮ.
Украинанын Донецк шаарында өлкөнүн эгемендигин жактагандар менен кремлчилердин атаандаш жыйыны маалында демонстранттар кагылышты. 13.3.2014. ЭЕ/АҮ.
Крымдын борбору Симферополдо "Орусияга кирүүнү каалабайбыз" деген ураан менен референдумга каршы флешмоб иш-чарасы өттү. ЭЕ/АҮ. Украина. 13.3.2014.
АКШдагы Ак Үйдө президент Барак Обама менен жолуккан соң, Украинанын өкмөт башчысы Арсений Яценюк расмий Кремль менен сүйлөшүүгө Киев даяр экендигин, бирок эгемен Украина эч качан тизе бүгүп багынбастыгын англисче айтты. 12.3.2014.
Жекшемби күнкү талаштуу референдум алдында Орусия Крымдагы татар жамаатын ийгерүү аракетин күчөттү.
Киев патриархатынын Симферополдогу жана Крымдагы бөлүмүнүн архиепискобу Климент Украинанын Крым автономиялык аймагынын бийликтерин уурдалып кеткен Андрей Щекун менен Анатолий Ковальскийди дароо бошотууга чакырды. 12.3.2014.
Бийликтен кулатылган президент Виктор Янукович өзүн Украинанын жалгыз легитимдүү президенти деп санайт жана кырдаал уруксат берсе Киевге кайтып барууга даяр. (Билдирүү орус тилинде)
Дагы жүктөңүз