Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

Москвага жакын партиянын чечими Грузияны толкутту


Акцияга чыккандар менен тартип сакчылардын кагылышы. Тбилис, Грузия. 29-ноябрь, 2014-жыл.
Акцияга чыккандар менен тартип сакчылардын кагылышы. Тбилис, Грузия. 29-ноябрь, 2014-жыл.

Грузияда өкмөт Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр 2028-жылдын аягына чейин жүрбөйт деген чечимин жарыялагандан кийин өлкөдө толкундоолор уланууда.

Грузиянын Ички иштер министрлиги Тбилисиде евроинтеграцияны жактап чыккан митингде 107 адам кармалганын билдирди. 29-ноябрда кечинде парламент имаратынын алдына жүздөгөн адамдар чогулган. Полиция аларга каршы суу жана көздөн жаш агызуучу каражат колдонгон. Айрым телеканалардын кызматкерлери сабалганы кабарланды.

"Эхо Кавказ" сайты акция түнү менен уланып, айрым митингчилер полиция тарапка фейерверк атып, парламент имаратындагы “Грузин кыялы” партиясынын кеңсесине чейин кирип барганын жазды.

Полиция нааразычылык акциясына чыккандарды парламент имаратынын жанынан сүрүп чыкты. Митингчилер электрчыгырык, таштанды челектерди тосмо катары пайдаланып, от жагышты. Таңга маал кармоолор башталды. Mtavari телеканалы күч кызматкерлери жерде жаткан жаш жигитти башка тээп жаткан видеону жарыялады.

ИИМ кармалгандарга “майда бейбаштык жана полицияга баш ийбөө” беренелери менен протокол толтурулганын билдирди. Нааразылык акциясында 10 полиция кызматкери жабыркаган. Митингчилердин арасында канча киши жаракат алганы айтылган жок.

Өткөн түндөгү митингде Тбилисиде 43 адам кармалып, 33ү ар кандай жаракат менен ооруканага түшкөн. Алардын 13ү митингчилер, 16сы полиция кызматкери жана төртөө маалымат каражаттарынын өкүлдөрү болгон.

Грузиядагы окуяларга байланыштуу 100дөн ашуун грузиялык дипломат соңку жагдай өлкөнүн Евробиримдикке мүчө болууга умтулган Конституциясын бузуп жатканын айтып, ачык катка кол коюшту.

"Сүйлөшүүлөрдү кечеңдетүү өлкөнүн изоляциясына алып келет" деп жазылган ал катта.

"Грузия Батыш өнөктөштөрүнүн колдоосу жок өзгөчө эл аралык жана коопсуздук чөйрөсүндө болуп жаткан процесстердин фонунда күчөгөн коркунучтар менен жалгыз калды", - деп жазышкан дипломаттар.

Тбилиси, 29-ноябрь 2024-жыл.
Тбилиси, 29-ноябрь 2024-жыл.

29-ноябрда Тбилисиде парламент алдына нааразылык акциясына чыккандарды тартип коргоочулар күч менен кууп таркатып, жаш агызчу газ, суу атмаларды колдонду. Ондогон киши кармалганы маалымдалды.

"Биз абдан ачууланып жатабыз. Каарданган эл бүгүн көчөгө чыкты. Бийлик биздин тарыхыбызга, акыркы 30 жылдагы, керек болсо соңку 100 жылдагы жетишкендерибиздин бардыгына чекит коюуну чечти. Алар бүгүн баарын жок кылышты. Бирок биз буга жол бербейбиз. Биз мындан ары үн катпай тура албайбыз. Бүгүн биз ким экенибизди, кайда барарыбызды чечишибиз керек", - деди акцияга чыккандардын бири журналисттерге.

Грузия Евробиримдиктин мүчөлүгүнө кирүү боюнча сүйлөшүүлөргө 2028-жылдын аягына чейин барбай турганын бейшембиде өлкөнүн премьер-министри Ираклий Кобахидзе билдирген. Өкмөттүн бул чечимине нааразы миңдеген киши баш калаага чогулган.

Маалыматка караганда, полициянын ыкчам аракеттенүүчү күчтөрү демонстранттарга каршы желим ок колдонгон, чогулгандарды жана айрым журналисттерди сабаган. Арасында окуяларды жеринен чагылдырып жүргөн “Азаттыктын” грузин редакциясынын кабарчысы да болгон.

Давит Цагарели окуяларды түз чагылдырып жатканда тартип коргоочулар ичке бир койгону үчүн жыгылып кеткени камерага түшүп калды.

"Анын абалы канааттандырарлык. Анын бети жана моюну сынган. Бул этапта хирургиялык кийлигишүү талап кылынбайт", - деди дарыгер журналисттин абалы боюнча.

“Азаттыктын” грузин редакциясынын кабарчысы Давит Цагарели.
“Азаттыктын” грузин редакциясынын кабарчысы Давит Цагарели.

Грузиянын Ички иштер министрлиги 43 киши кармалганын билдирди. Алар майда бейбаштык жана полицияга баш ийген жок деген негизде айыпталууда. Министрлик 32 кызматкери жабыркаганын, бирөө ооруканага жеткирилгенин кабарлады.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе митингге чыккандарды айыптап, алардын иш-аракеттеринен улам полиция кызматкерлери зомбулук көрсөткөңүн 29-ноябрда билдирди.

Кобахидзе 28-ноябрда өткөн "Грузин кыялы" партиясынын брифингинде Евробиримдикке интеграция "садага" катары каралышы Грузия үчүн "кабыл алынгыс" экенин айткан.

"Биз Евробиримдиктин мүчөлүгүнө кирүү боюнча сүйлөшүүлөргө 2028-жылдын аягына чейин барбай туруу чечимин кабыл алдык. Грузин өкмөтү бул убакытка чейин биримдиктен бюджеттик гранттарды алуудан да баш тартмакчы".

Кобахидзенин мындай билдирүүсүнөн кийин Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили дипломаттык корпустун мүчөлөрү менен чукул кеңешме өткөргөн.

Саломе Зурабишвили.
Саломе Зурабишвили.

"Бүгүн легитимсиз бийлик өз элине тарыхына, келечегине согуш жарыялады. Бул согуш биздин өлкөбүздүн келечегине каршы жарыяланды. Анткени бул жолдо грузин мамлекеттүүлүгүнөн, көз карандысыздыгынан, келечегинен Орусия жогору коюлду”.

Нааразылык акциясына президент Саломе Зурабишвили да катышканын Kartuli басылмасы жазды.

“Мен бул кишилерге тилектешмин. Каршылык көрсөтүү башталды жана жаңы шайлоо өткөнгө чейин токтобойт”, - деп айтты мамлекет башчы кабарчыларга.

Зурабишвили ОМОНго “Грузиянын суверенитетин коргоого тийиш” экенин деп айтып, “Орусияга кызмат өтөп жатасыңарбы?” деп сурады.

Евроинтеграцияны жактаган чакан митингдер Батуми, Гори, Кутаиси жана Зугдиди шаарларында да болду.

Тбилиси, 29-ноябрь, 2024-жыл.
Тбилиси, 29-ноябрь, 2024-жыл.

Еврошаркетке кошулууга умтулуп жаткан Грузия былтыр талапкер деген макам алган. Еврокеңеш быйыл октябрь айында Грузиянын Евробиримдикке кошулуу жараяны өлкөнү башкарып жаткан "Грузин кыялы" партиясынын саясатынан улам дээрлик токтотулганын жарыялаган. Анын ичинде Тбилисинин "чет өлкөлүк агент" мыйзамынын кабыл алышы жана ЛГБТны жарыялоого тыюу салуу аракети катуу сынга алынган.

Президент жана оппозиция бир ай мурда болгон парламенттик шайлоо “Грузин кыялы” партиясынын пайдасына бурмаланганын айтып, анын легитимдүүлүгүн тааныган эмес.

Европарламент бейшембиде Грузиядагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбасын билдирген резолюция кабыл алган. Анда акыркы өткөн шайлоолор демократиялык шайлоолордун эл аралык стандарттарына жана Тбилисинин ачык-айкын, эркин шайлоо өткөрүү тууралуу эл аралык милдеттенмелерине дал келбеси белгиленген.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG