Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы авиа каттамдар токтотулду. Өзбекстан өз жарандарын гана кабыл алып, башка өлкө жарандарынын киришине тыюу салды.
Францияда коронавируска байланыштуу 17-марттан тартып катаал карантин башталды.
Түштүк Кореяда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 8200дөн ашты. 75 киши көз жумду. Бул мамлекет COVID-19га каршы күрөштү ийгиликтүү жүргүзүп жатканы кабарланды. Анын себептерин Сеулда физик-изилдөөчү болуп эмгектенген журтташыбыз Салижан Кылычбеков чечмелеп берди.
Арменияда жуучулукка баргандардын жыйырмасы коронавируска кабылды. Түштүк Кореяда жашыруун чиркөө вирусту тараткан булак катары бааланды. Иранда жана Малайзияда вирус мечитке баргандардан жукканы аныкталды.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова коронавируска байланыштуу өлкөдөгү абал боюнча маалымат берди. Өмүрбекова республикалык штабдын чечими менен өлкөдөгү бардык массалык иш-чараларга үч жумага чейин тыюу салынганын жарыялады.
Өзбекстанда бул илдет жуккан алты адам аныкталып, Казакстанда өзгөчө абал күчүнө кирди.
Бүгүн, 16-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдө коронавирустун алдын алуу иштери жөнүндө журналисттерге айтып берди. Ал дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө жайылып жаткан пандемия менен күрөшүү боюнча иш-чаралар тууралуу сөз кылды.
Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин арасынан коронавирус күч алган Иранда бул илдеттен көз жумгандардын саны 700дөн ашты. 14 миңден көп киши өпкөнү сезгенткен жаңы илдетке чалдыкты.
COVID-19 вирусуна чалдыккан бир ташкендик аялдын уулу менен кызына да бул алааматтуу вирус жуккандыгы тастыкталды.
Германияда жашаган журтташыбыз Асел 13-марттын таңында Кыргызстанга Түркия аркылуу учуп келген. Аны менен кошо чет өлкөлөрдөн келген кырктай кыргызстандыкты коронавируска байланыштуу обсервацияга жаткырышкан. Асел ал жактагы шарттын начардыгын айтып, “Азаттыкка” байланышка чыкты.
Расмий түрдө Казакстанда коронавирус каттала элек. Бирок алдын алуу чаралары күчөтүлдү.
Маданий, спорттук жана эл көп келчү иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилди.
Дагы жүктөңүз