Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:29

Белгилүү казак жазуучусу Мухтар Магауин дүйнө салды


Мухтар Магауин
Мухтар Магауин

Белгилүү казак жазуучусу, казак фольклорунун орто кылымдардагы мурасын жана тарыхын изилдөөчү Мухтар Магауин көз жумду. Бул тууралуу анын уулу Едиге Магауин "Фейсбуктагы" баракчасынан кабарлады.

"Атам 2025-жылы 9-январда жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 19.55те Американын Мэриленд штатындагы өз үйүндө, үй-бүлө мүчөлөрүнүн көз алдында акка моюн сунду", - деп жазды ал.

Мухтар Магауин бир катар тарыхый чыгармаларды, анын ичинен "Чыңгыз Хан", "Кыпчак сулуусу" романдарын жазган. Ошондой эле "Казак ордосу" китебинин автору.

Ал 1984-жылы "Аласапыран" романы үчүн Казак ССРинин Абай атындагы мамлекеттик сыйлыгын алган.

Магауин орто кылымдагы төкмө акындардын (жырау) поэзиясын да иликтеген.

Билими боюнча филолог Магауин "Казак адабияты" гезитинде, "Жазуучу" басылмасында иштеген. Мухтар Ауэзов атындагы Адабият жана искусство институтунда илимий изилдөө иштери менен алектенген. Жогорку окуу жайларда казак адабиятынан сабак берген.

Ал Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин тушунда өлкөдө авторитардык тенденциялар күч алганын сындап келген. Жазуучу 2006-жылы чет жакка көчүп кетип, Чехия, Түркия жана Кошмо Штаттарда жашаган.

Magauin.com сайтындагы маалыматка ылайык, ал өмүрүнүн соңку жылдары "Чыңгыз Хан жана анын доору" деген төрт томдон турган илимий эмгек жараткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG