Тажикстандын Куляб шаардык соту "Пайк" басылмасынын башкы редактору Ахмед Иброхимди он жылга эркинен ажыратты. Мындай чечим 10-январда кабыл алынганын "Озоди" радиосу жазды. Ал былтыр августта "Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерине пара берүү", "опузалап акча талап кылуу" жана "экстремизмге" айыпталып камалган.
Абактан Дүйшөмбүнүн мэри, президент Эмомали Рахмондун уулу, парламенттин төмөнкү палатасынын спикери Рустам Эмомалинин атына жазган катында журналист ага тагылган айыптардын баарын четке кагып, эч кимге эч качан пара бербегенин жана өмүр бою экстремизмге каршы күрөшүп келгенин белгилеген.
Үй-бүлөсү соттун өкүмүн катаал жана адилетсиз деп атады. Иброхим буга чейин алты айдан бери адвокаты менен сүйлөшө албай жатканына даттанган.
Ал бул иш үчүн бийлик үй-бүлөлүк сүрөттөрдү жана өздүк кат алышуусун колдонгонун белгилеген.
Бийлик Иброхимдин иши боюнча бир да билдирүү жасаган жок. Буга чейин "Озоди" радиосу прокуратура ондогон жергиликтүү ишкерлерди жана аткаминерлерди суракка чакырып, журналистке каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлап жатканын жазган. Ахмад Иброхим өз катында 13 күбөнүн бири да ага каршы көрсөтмө бербегенин айткан.
63 жаштагы Иброхим 2012-жылы Хатлон облусунда "Пайк" көз карандысыз басылмасын негиздеп, камалганга чейин аны иштетип келген.
"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш боюнча бөлүм жетекчиси Жанна Кавелье Иброхим "токулган айыптар боюнча жоопко тартылып жатканын" билдирген.
Ал эми Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Тажикстандын бийлигин журналист Ахмад Иброхимди бошотууга чакырган.
Акыркы эки жылда 8 журналист жана блогер кесилген Тажикстанды эл аралык уюмдар “журналисттердин абагы” деп аташат.
Шерине