Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:02

Казакстан коронавируска камынууда


Алматы эл аралык аэропортунда Кытайдан келгендерди текшерүү. 21-январь, 2020-жыл.
Алматы эл аралык аэропортунда Кытайдан келгендерди текшерүү. 21-январь, 2020-жыл.

Расмий түрдө Казакстанда коронавирус каттала элек. Бирок алдын алуу чаралары күчөтүлдү.

Өлкөдө массалык иш-чаралар токтотулуп, окуу жайлары жабылууда. Бийлик дары-дармек менен бет капка таңкыстык жаралбайт деп ишендирүүдө.

12-апрелде Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов басма сөз жыйынын өткөрүп, өлкөдө коронавируска чалдыккан бир да учур каттала элек экенин билдирди. Ал элди имиштерге эмес, расмий маалыматка ишенүүгө чакырды:

Елжан Биртанов.
Елжан Биртанов.

«Бүгүнкү күндө өзүбүздүн жарандардан да, чет өлкөлүк жарандардан да коронавирус илдетине чалдыккандар каттала элек. Күн сайын тесттерди өткөрүп жатабыз. Бирок бир да адамдан коронавирус табылган жок. Расмий маалыматка ишениңиздер. Бардык маалыматтар Саламаттык сактоо министрлигинин сайтына илинүүдө. Жалган маалымат таратуунун жоопкерчилигин унутпаңыздар. Өзүңүздөрдүн жеке гигиенаны гана эмес, маалыматтык гигиенаны да сактаңыздар».

Казакстандын премьер-министринин орун басары Ералы Тугжанов 13-марттан тартып өлкөдө массалык иш-чараларга тыюу салынарын билдирди. Ал майрамдык, спорттук, маданий иш-чараларды, окуу жана жарманкелерди өткөрүүгө болбой турганын жарыялады:

Бизде көп адамды топтоп той өткөргөндү жакшы көрүшөт. Ошондуктан тойлорду кийинкиге жылдыра турууну сунуш кылам.

«Саламаттык сактоо, билим берүү мекемелеринин жана башка коомдук жайлардын санитардык абалын көзөмөлгө алуу күчөтүлдү. Бул - калкты тейлөө борборлору, коммуналдык чарба, тамак-аш өндүрүшү, соода, коомдук тамактануучу жайлар, вокзалдар, аэропорттор жана мейманканалар. Массалык иш-чараларга тойлор, туулган күндөр, мааракелер да кирет. Мындай иш-чараларга келерден мурда жакшылап ойлонуу керек. Айрыкча бизде көп адамды топтоп той өткөргөндү жакшы көрүшөт. Ошондуктан тойлорду кийинкиге жылдыра турууну сунуш кылам».

Бийлик бул чектөөлөр качанга чейин сакталарын тактаган жок. Эпидемиялык абал бүткөнгө чейин чектөөлөр күчүндө болору кабарланды.

Басма сөз жыйынында өлкөнүн билим берүү министри Асхат Аймагамбетов окуучулар 16-марттан 5-апрелге чейин эс аларын жарыялады. Ал эгерде кырдаал оорлошуп кетсе аралыктан окутуу тартиби киргизилерин айтты. Министр окуучулар арасында жыл сайын жаз айында болуучу жалпы улуттук тестирлөө да белгисиз мөөнөткө жылдырылганын билдирди.

Ералы Тугжанов.
Ералы Тугжанов.

Өлкөнүн премьер-министринин орун басары Ералы Тугжанов тамак-аш коопсуздугу көзөмөлдө экенине ишендирүүгө аракет кылды:

«Бизде эң маанилүү деп эсептелген 19 түрдүү азык-түлүктүн баары бар. Казакстан жарым жыл бою өзүн өзү толук камсыз кыла алат. Тамак-аш коопсуздугу №1 маселе. Кумшекер менен тоок эти гана сырттан ташылат. Бирок бул маселе да биздин көзөмөлдө турат».

Өкмөттүн өкүлү Түркия менен Бириккен Араб Эмираттарына авиа каттамдар кыскартылганын, бирок Орусия менен каттамдар мурункудай эле абалда сакталып турганын билдирди:

Биздин ар бир облустук борборубуз Орусия менен байланышкан.

«Жалпысынан аба каттамдарына чектөө киргизилди. Бирок чектөөлөр ЕАЭБдин жарандарына тиешеси жок. Нур-Султан - Минск каттамын алтыдан бирге, Минск - Алматы каттамын төрттөн бирге кыскарттык. Орусия менен байланышыбыз абдан жыш. Күн сайын Орусиянын шаарларына Казакстандан 160 учак каттайт. Биздин ар бир облустук борборубуз Орусия менен байланышкан. Ошондуктан Орусияга жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө чектөө кирген жок. Ал эми Евробиримдик өлкөлөрүнө каттоо күнүнө бир гана каттамга чейин кыскартылды. Ошондуктан Европа өлкөлөрүндө жашап жаткан казакстандыктардын кайтып келишине мүмкүнчүлүк бар. Бул чектөөлөр 16-марттан тартып күчүнө кирет».

Ошентип Казакстанда ар бир каттамдан кийин коомдук транспорт каражаттары дарыланып турмакчы. Медициналык бет капты Казакстан өзү өндүрөт. Өлкөдө бет кап тартыштыгы болбошу үчүн аны башка өлкөгө сатууга тыюу салынды. Бет каптын бир күндүк өндүрүшү 200 миң даананы түзөт. Мунай арзандап кеткендиктен 12-марттан тартып өлкөдө теңгенин куну кете баштаган. Дүйнөнүн 114 өлкөсүнө тараган коронавирус жалпысынан 130 миң адамга жукту. Анын ичинен 68 миңи айыгып чыкты. Илдеттин айынан 4624 адам каза болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG