Бармактайынан оор илдет менен кармашкан балдарга Бишкекте акысыз операциялар жасалууда. Табарсык, бөйрөк ооруларына кабылган жеткинчектерге Өзбекстандан жана Орусиядан келген хирургдар дарылоодо. Соңку жылдары Кыргызстанда тубаса кемтик менен төрөлгөн балдар көбөйүп жатканын дарыгерлер белгилешет.
Сузак - Жалал-Абаддын калк жыш отурукташкан району. Акыркы жылдары райондо үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу учурлар көп чыга баштады. Эки жыл мурда Сузакта биринчи жолу 12 аял депутаттыкка шайланып келген. Алар зомбулук менен күрөшүүгө аракет кылып жатканын айтышты.
Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу жана кабыл алуу
Кыргызстанда кызамык же корь илдетин жуктуруп алгандар көбөйүдө. Кызамык өтүшүп кетсе, пневмония, мээнин шишүүсүнө алып келип, адам азиз болуп калуу коркунучуна кептелет. Башка жугуштуу оорулардай эле анын алдын алуунун жалгыз жолу – эмдөө. Эмне себептен балдардын эмдөөсү Кыргызстанда аксап жатат?
Жумгал районунун Кырчын айылында 100дөн ашык киши жашайт. Айылда мектеп жоктугунан 30дай бала төрт чакырым жер басып, коңшу айылга жөө-жалаңдап барып-келип окушат. Кырчында оорукана, бала бакча да жок. Бул кыштак деңиз деңгээлинен бир жарым миң метр бийиктикте турат.
Эшек минип, кадимки көк бөрүгө түшкөн жумгалдык чыт курсак балдар быйыл кышында интернетте кызуу талкууланды. Алар чоң оюндун эрежеси менен ойноп, ич ара мелдеш уюштуруп жибергенге да жетишти. Алардын ар биринин келечекте өлкөгө таанылган атактуу көкбөрүчү болсом деген кыялы бар.
"Азаттык" былтыр март айында Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну он балалуу Асел Сатарованын түйшүгү тууралуу видео тарткан. Ал окуядан кийин баатыр энеге кол сунгандар болуп, демөөрчүлөр үй салып бермей болушкан. Бир жыл өткөндөн кийин Сатарованын үйүнө барып кабар алдык.
Жумгал районунун Ак-Көл айылы 30 жылдан бери электр жарыгы жок жашап келет. Кыштакта мектеп оорукана тургай, телефон байланышы да жок. Бишкектен 400, райборбордон 50 чакырым алыс бул кыштакта учурунда 500гө чукул калк жашаган. Азыр айылда 50гө жетпеген гана киши калды.
Дагы жүктөңүз