«Азаттык» узап бара жаткан жылдагы Кыргызстанда болуп өткөн маанилүү окуяларды топтоду.
World Air Quality уюмунун 13-декабрдагы маалыматында Бишкек дүйнөдөгү аба эң булганыч делген үч шаардын катарына кирди. Кээ бир учурда Кыргызстандын борбору 21 миллиондон ашуун эли бар Кытайдын Бээжин, алты миллиондон ашуун киши жашаган Бангладештин борбору Дакка шаарынан алдыга чыгып кетет.
Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2021-жылы кедейчиликте жашаган калктын саны 33 пайыздан ашты. Бул 2 миллион 244 миң киши дегенди билдирет. Арасында кепилденген мамлекеттик жөлөк пулга жетпей жүргөндөр саны арбын. Жөлөк пул алалы десе, түрдүү бюрократиялык тоскоолдуктар көп.
Коюу түтүн же ыш каптаганда мүмкүн болушунча үйдөн көп чыкпай, терезелерди да ачпаш керек. Ошондой эле абаны тазалаган системасы бар кондиционерлер жардам берет. Дарыгерлер сыртта сууланган беткап же фильтри бар атайын респиратор тагынып жүрүүгө кеңеш берет.
Кыргызстанда 14 жашка чейинки балдар арасында дем алуу органдарынын курч вирустук оорулары күчөп, кайра-кайра бейтапканага түшүп жаткандар көбөйдү. Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына бир жумада эле 2 миң киши кайрылып, анын жарымы жаткырылган.
Жалал-Абаддын Ноокен районунда жашаган Жанузак Калбаевдин төрт баласынын тең майыптыгы бар. Жеткинчектерге сколиоз же омуртка тутуму кыйшаган деген диагноз коюлган. Аларды Индиядан дарылатуу үчүн акчадан каржалган ата-эне коомчулукка кайрылды.
Таласта төө буурчактан гүлазык чыгарган ишкерлер. Мамлекет өз көзөмөлүнө алган Майлуу-Суу лампа заводунун азыркы абалы. Чычырканакты коргоого аттанган атбашылык экоактивисттер.
Жалал-Абад облусунда кургак учуктан былтыр 28 бейтап каза болгон. Жыл өткөн сайын кургак учукка кабылган адамдардын саны облуста кыскарганы менен, илдети өтүшүп кеткенде кайрылгандар арбыган. Алардын арасында мигранттар да көп болууда.
Республикалык ВИЧ/СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова борбор жылына 700-800 жаңы учурду каттоого алып жатканын “Азаттыкка” билдирди. Бул 2016-жылдарга салыштырмалуу илдетке чалдыккандардын саны эки эсеге көбөйдү дегенден кабар берет.
Бишкекте Элдик курултайдын жыйыны бүттү. Курултайдын экинчи күнүндө Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчы, активисттерди бошотуу маселеси көтөрүлдү. Айрым делегаттар президент Садыр Жапаровду командасын тазалоого чакырып, жемкорлук менен күрөш акыйкат жүрбөй жатканын айтышты.
Дагы жүктөңүз