Бишкектеги “Ынтымак 2” паркындагы амфитеатр шаардыктардын маданий борборуна айланууда. Ал жерде эс алуучулар күнүгө кечинде ырдап-бийлеп, өнөрлөрүн тартуулап жатышат.
19-июндан 26-июнга чейин Бишкекте 17 жашка чейинки жана 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт. Мелдешке 21 мамлекеттен спортчулар келери күтүлүп жатат. Кыргызстандан 60 балбан мелдешке катышат.
Бишкекте 8-14-июнда футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндары өтөт. Кыргызстандын улуттук курама командасынын даярдыгы тууралуу жарым коргоочу Фархад Мусабеков, Түркиянын “Галатасарай” клубунда ойногон 17 жаштагы Бекназ Алмазбеков менен маек курдук.
Давран Асраров жана Муниса Алибаева Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыздар. Алар Кыргызстанда баш кошуп, төрт баланы тарбиялап жатышат. Үй-бүлө жашаган Чүйдүн Виноградное айылында эки жылдан бери этникалык кыргыз үй-бүлөлөргө гендердик теңдик тууралуу окуулар өткөрүлүп келет.
Дагы жүктөңүз