Германияда коронавирус илдетинин «экинчи толкуну» күч алганына байланыштуу карантин чаралары күчөтүлдү.
«Клооп» басылмасы кабарчы Аскарбек Мырзабековдун суракка чакырылышын басым катары баалап жатат.
Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын «Бир дүйнө Кыргызстан - 2020» XIV эл аралык фестивалында дүйнөнүн он чакты өлкөсүнөн экологиясы бузулган, таза суусуз оор аймактарды, аялдардын, балдардын, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун чагылдырган 15 даректүү тасма көрсөтүлөт.
Жума күнү Түркиянын Измир аймагында күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө болду. Зилзалада баштапкы маалымат боюнча 12 киши кайтыш болгону, 400дөн ашык жаран жабыркаганы кабарланды.
Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) сөз сүйлөп, Кыргызстан экологиялык дипломатияны жана жашыл экономиканы алдыга сүрөй турганын билдирди. Пандемияга байланыштуу БУУнун быйылкы жыйыны видео байланыш аркылуу өттү.
14-сентябрда Дыйкан-Кара-Кече жолуна түшкөн жер көчкү дагы эле токтой элек. Адистер Жумгалдагы кырсыкка экосистеманын бузулушу себеп болгонун айтышууда. Анткени Кара-Кечеде мамлекеттик көзөмөл жок болгондуктан көмүр ар кайсы жерден казылууда дешет. Ошондой эле көмүр казган компаниялар кенден чыккан
Алайдагы тарыхый баалуу таштар, петроглифтер жаткан аймакта көмүр казуу иштери башталганы турат. Бул маалымат коомчулукта талкуу жаратты.
Браконьерлердин торуна толгон Ысык-Көл тазаланды. Ыктыярчы суучулдар бул жолу кыргыз берметинин тескей жээгин таштандыдан арылтып, көл ичинен ташталган торлорду алып чыкты. Бул акция бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында өттү.
7-сентябрда Бишкекте экологиялык акция өттү. “Көгүлтүр асман үчүн таза аба” эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чараны экологиялык "MoveGreen" жаштар уюму уюштурду.
Пандемия шартында ички-сырткы туризм басаңдап калды. Бирок жергиликтүү эл мурдагыдай эле тиричилигин улантып жатканын көрүүгө болот.
Башкыртстанда Куш-Тоо дөңсөөсүн (Куштау шиханы) коргоп акцияга чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, жеке күзөтчүлөр кагылышкан окуядан улам кылмыш иши козголот.
Дагы жүктөңүз