“Тазар” кинокомпаниясы коомдогу саясий жана башка орчундуу темаларга кыска тамашалуу видеотасмаларын сунуштайт. “Азаттык” радиосу колдогон бул долбоор аркылуу замандаштарды көйгөйлүү көрүнүштөргө жакшылап көңүл буруп, жылмайуу аркылуу алардан тазаланууга үндөйбүз.
“Тазар” кинокомпаниясы коомдогу саясий жана башка орчундуу темаларга кыска тамашалуу видеотасмаларын сунуштайт. “Азаттык” радиосу колдогон бул долбоор аркылуу замандаштарды көйгөйлүү көрүнүштөргө жакшылап көңүл буруп, жылмаюу аркылуу алардан тазаланууга үндөйбүз.
Сарман Курманалиев Экинчи дүйнөлүк согушка, андан ары япон согушуна катышкан. 1940-жылы 20 жашында аскерге чакырылган Курманалиев алты жыл дегенде Ата Журтуна кайтып келген. Ал тууралуу маалыматтарды жана сүрөттөрдү "Азаттыктын" "Биздин тарых" долборуна неберелери алып келип берди.
Кыргыз Эл баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуевдин майданда жүрүп жазган "Алдыга жүргүн кыргыздар!" деген ыры "Ала-Тоо" журналынын 1943-жылдагы 12-санына жарыяланган. Ал журналдын ошол кездеги башкы редактору, акын Жоомарт Бөкөнбаевдин колдоосу менен чыккан. Жоомарт Бөкөнбаев майдандагы жаш жигитке ыры журналга чыкканын сүйүнчүлөп, эл-жерин коргоого шердентип кат жазган экен. Бирок бул эки акын, кыргыз элинин чыгаан уулдары жүз көрүшүп сүйлөшкөн эмес... Жоомарт Бөкөнбаев 1944-жылы автокырсыктан каза тапкан. Акын Сооронбай Жусуев атабыз быйыл 90 жашта, Бишкек шаарында жашайт.
Быйыл 9-майда Улуу Жеңиш күнүнө 70 жыл толот.
Согуштун катышуучусу Мамбетказы Байбараков тууралуу маалыматтарды, анын сүрөттөрүн жана каттарын кызы Радия Мамбетказиева "Азаттыкка" алып келип берди. Радия Мамбетказиева быйыл 75 жашта. Бишкек шаарында жашайт. Атасы майданга кеткенде ал 1,5 жашта гана болгон.
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.