Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Быйыл 9-майда Улуу Жеңиш күнүнө 70 жыл толот. "Азаттык" радиосу ушул күнгө арнап, Ата Мекендик согуш ардагерлерин, майданга барбаса да, ал алаамат жылдарды баштан кечирген мекендештерди маектешүүгө чакырат. Сиз, же сиздин тууганыңыз, таанышыңыздын биздин угармандар менен ал кандуу жылдарды эскерип, бөлүшө турган кызыктуу аңгемеси болсо, бизге телефон чалып, же кат жазып байланышыңыз.

Ошондой эле кан майданга барып келген же ошол алаамат жылдарды баштан кечирген, оорукта иштеген мекендештер тууралуу сүрөт галерея да ачабыз. Ага 1940-50-жылдары тартылган ак-кара түстөгү эски сүрөттөр кабыл алынат.

"Биздин тарых" аттуу сүрөт баяныбызга жеке архивиңиздеги, үй бүлөлүк эски альбомдордогу сүрөттөрдөн алып келип, андагы адамдар, же көрүнүш тууралуу эки-үч сүйлөм маалымат бериңиз. "Биздин тарыхты" 70 жыл мурунку сүрөттөр аркылуу тирилтүүгө ар бириңизди чакырабыз.

Сүрөттөрү менен бөлүшкөндөрдү "Азаттыктын" чакан белектери күтөт.

Сиз сүрөттөрдү бизге колмо-кол берсеңиз дагы, почта аркылуу жиберсеңиз дагы, алар кайра өзүңүзгө сөзсүз кайтарылат. Эки-үч сүйлөм маалымат кошконду, өзүңүздүн ысымыңызды, жашаган жериңизди жазып койгонду унутпаңыз.

Бишкектеги телефон номурубуз: +996 312 31 61 53. Интернетте кат аркылуу байланышам дегендер azattyk@bureaumail.rferl.org дарегине жазсаңыздар болот.

Согуш жана оорук

Айылдык актив колхозчуларга согуштан келген каттарды окуп берүүдө. ​ (Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
1/15 Айылдык актив колхозчуларга согуштан келген каттарды окуп берүүдө. ​ (Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. (Бул ошол кездеги өлкө калкынын төрттөн бирин түзгөн). Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык жоокер курман болгон. Жаңы тарыхый фактылар согушка катышкан кыргызстандыктардын салымы тууралуу буга чейин белгисиз жагдайлар бар экенин көрсөттү. ("Азаттыктын" архивинен)
Фронттогу жоокерлерге концерт коюп барган Кыргыздрама театрдын артисттери: Исмаилова, Эралиева,  Алиева. 1943-жыл. ​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
2/15 Фронттогу жоокерлерге концерт коюп барган Кыргыздрама театрдын артисттери: Исмаилова, Эралиева,  Алиева. 1943-жыл. ​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. (Бул ошол кездеги өлкө калкынын төрттөн бирин түзгөн). Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык жоокер курман болгон. Жаңы тарыхый фактылар согушка катышкан кыргызстандыктардын салымы тууралуу буга чейин белгисиз жагдайлар бар экенин көрсөттү. ("Азаттыктын" архивинен)
Согуш мезгилиндеги Бишкектеги госпиталдардын бири. Согуш жылдарында Кыргызстанда 25 аскер госпиталы болгон. (Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
3/15 Согуш мезгилиндеги Бишкектеги госпиталдардын бири. Согуш жылдарында Кыргызстанда 25 аскер госпиталы болгон. (Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. (Бул ошол кездеги өлкө калкынын төрттөн бирин түзгөн). Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык жоокер курман болгон. Жаңы тарыхый фактылар согушка катышкан кыргызстандыктардын салымы тууралуу буга чейин белгисиз жагдайлар бар экенин көрсөттү. ("Азаттыктын" архивинен)
Кыргызстандагы Фрунзе заводу биринчилерден болуп майданга өтө зарыл атайын заказдарды кабыл алган. ​​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
4/15 Кыргызстандагы Фрунзе заводу биринчилерден болуп майданга өтө зарыл атайын заказдарды кабыл алган. ​​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. (Бул ошол кездеги өлкө калкынын төрттөн бирин түзгөн). Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык жоокер курман болгон. Жаңы тарыхый фактылар согушка катышкан кыргызстандыктардын салымы тууралуу буга чейин белгисиз жагдайлар бар экенин көрсөттү. ("Азаттыктын" архивинен)
Кыргызстандан барган делегациянын атынан сүйлөп жаткан Күлүйпа Кондучалова. Ленинград. 1943-жыл. ​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
5/15 Кыргызстандан барган делегациянын атынан сүйлөп жаткан Күлүйпа Кондучалова. Ленинград. 1943-жыл. ​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. (Бул ошол кездеги өлкө калкынын төрттөн бирин түзгөн). Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык жоокер курман болгон. Жаңы тарыхый фактылар согушка катышкан кыргызстандыктардын салымы тууралуу буга чейин белгисиз жагдайлар бар экенин көрсөттү. ("Азаттыктын" архивинен)
Согуш мезгилиндеги ооруктагы турмуш. Кыргызстандын ар улуттан турган эмгекчилери согуш жылдары коргонуу фондусуна танк, самолёт куруу үчүн 189 миллион сом акча, 946 миллион сомдук облигация ж-а 59 кг. күмүш жыйнап беришкен. Эгин, эт, май, жүн берип турушкан. Согуш жылдары республиканын калкы 1 миллиард 47 миллион сомго облигация, 156 миллион сомго акча-буюм лотереясын алышкан. Майданга 196 вагон белек жиберилген. 
6/15 Согуш мезгилиндеги ооруктагы турмуш. Кыргызстандын ар улуттан турган эмгекчилери согуш жылдары коргонуу фондусуна танк, самолёт куруу үчүн 189 миллион сом акча, 946 миллион сомдук облигация ж-а 59 кг. күмүш жыйнап беришкен. Эгин, эт, май, жүн берип турушкан. Согуш жылдары республиканын калкы 1 миллиард 47 миллион сомго облигация, 156 миллион сомго акча-буюм лотереясын алышкан. Майданга 196 вагон белек жиберилген. 
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. (Бул ошол кездеги өлкө калкынын төрттөн бирин түзгөн). Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык жоокер курман болгон. Жаңы тарыхый фактылар согушка катышкан кыргызстандыктардын салымы тууралуу буга чейин белгисиз жагдайлар бар экенин көрсөттү. ("Азаттыктын" архивинен)
1923-жылы Ысык-Көлдүн Саруу айылында туулган Асек Урмамбетов майданга 1943-жылдын июнь айында кирген. Ал согушта Украинада, Беларуста, Балтика боюнда жүргөн. 1944-жылы бутунан жарадар болуп, үч айдан кийин бутун кесип салышкан. Урмамбетов кыргыз коомчулугуна акын катары да белгилүү. 75 жашында ыр жазып баштаган ардагер бир канча китептин автору. ​Учурда ал Бишкек шаарында жашайт. (Жеке архивдеги сүрөт)<br />
&nbsp;
7/15 1923-жылы Ысык-Көлдүн Саруу айылында туулган Асек Урмамбетов майданга 1943-жылдын июнь айында кирген. Ал согушта Украинада, Беларуста, Балтика боюнда жүргөн. 1944-жылы бутунан жарадар болуп, үч айдан кийин бутун кесип салышкан. Урмамбетов кыргыз коомчулугуна акын катары да белгилүү. 75 жашында ыр жазып баштаган ардагер бир канча китептин автору. ​Учурда ал Бишкек шаарында жашайт. (Жеке архивдеги сүрөт)
 
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. (Бул ошол кездеги өлкө калкынын төрттөн бирин түзгөн). Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык жоокер курман болгон. Жаңы тарыхый фактылар согушка катышкан кыргызстандыктардын салымы тууралуу буга чейин белгисиз жагдайлар бар экенин көрсөттү. ("Азаттыктын" архивинен)
Кан майданга барууну суранган ыктыярчылардын каты.&nbsp;​​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
8/15 Кан майданга барууну суранган ыктыярчылардын каты. ​​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. (Бул ошол кездеги өлкө калкынын төрттөн бирин түзгөн). Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык жоокер курман болгон. Жаңы тарыхый фактылар согушка катышкан кыргызстандыктардын салымы тууралуу буга чейин белгисиз жагдайлар бар экенин көрсөттү. ("Азаттыктын" архивинен)
Асек Урмамбетов (биринчи катарда оңдо) Украинадагы госпиталда. 1943-жыл. (Жеке архивдеги сүрөт)
9/15 Асек Урмамбетов (биринчи катарда оңдо) Украинадагы госпиталда. 1943-жыл. (Жеке архивдеги сүрөт)
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. (Бул ошол кездеги өлкө калкынын төрттөн бирин түзгөн). Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык жоокер курман болгон. Жаңы тарыхый фактылар согушка катышкан кыргызстандыктардын салымы тууралуу буга чейин белгисиз жагдайлар бар экенин көрсөттү. ("Азаттыктын" архивинен)
Асек Урмамбетов согуштан келгенден кийин Жети-Өгүз районунда бухгалтер болуп иштеп тургандагы сүрөтү. 1948-жыл. (Жеке архивдеги сүрөт)
10/15 Асек Урмамбетов согуштан келгенден кийин Жети-Өгүз районунда бухгалтер болуп иштеп тургандагы сүрөтү. 1948-жыл. (Жеке архивдеги сүрөт)
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. (Бул ошол кездеги өлкө калкынын төрттөн бирин түзгөн). Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык жоокер курман болгон. Жаңы тарыхый фактылар согушка катышкан кыргызстандыктардын салымы тууралуу буга чейин белгисиз жагдайлар бар экенин көрсөттү. ("Азаттыктын" архивинен)
Советтер Союзунун Баатыры Анварбек Чортеков. 1944-жыл.&nbsp;​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
11/15 Советтер Союзунун Баатыры Анварбек Чортеков. 1944-жыл. ​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. (Бул ошол кездеги өлкө калкынын төрттөн бирин түзгөн). Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык жоокер курман болгон. Жаңы тарыхый фактылар согушка катышкан кыргызстандыктардын салымы тууралуу буга чейин белгисиз жагдайлар бар экенин көрсөттү. ("Азаттыктын" архивинен)
Согуш жылдарындагы гезитке чыккан кайрылуулар.&nbsp;​&nbsp;​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
12/15 Согуш жылдарындагы гезитке чыккан кайрылуулар. ​ ​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. (Бул ошол кездеги өлкө калкынын төрттөн бирин түзгөн). Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык жоокер курман болгон. Жаңы тарыхый фактылар согушка катышкан кыргызстандыктардын салымы тууралуу буга чейин белгисиз жагдайлар бар экенин көрсөттү. ("Азаттыктын" архивинен)
Панфиловчулар Ленин ордени менен сыйлангандыгы жөнүндө СССР Жогорку Советинин президимунун катын окуу учуру. 1943-жыл.&nbsp;​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
13/15 Панфиловчулар Ленин ордени менен сыйлангандыгы жөнүндө СССР Жогорку Советинин президимунун катын окуу учуру. 1943-жыл. ​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. (Бул ошол кездеги өлкө калкынын төрттөн бирин түзгөн). Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык жоокер курман болгон. Жаңы тарыхый фактылар согушка катышкан кыргызстандыктардын салымы тууралуу буга чейин белгисиз жагдайлар бар экенин көрсөттү. ("Азаттыктын" архивинен)
Кыргызстандык жоокерлердин танкисттер колоннасы.&nbsp;​​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
14/15 Кыргызстандык жоокерлердин танкисттер колоннасы. ​​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. (Бул ошол кездеги өлкө калкынын төрттөн бирин түзгөн). Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык жоокер курман болгон. Жаңы тарыхый фактылар согушка катышкан кыргызстандыктардын салымы тууралуу буга чейин белгисиз жагдайлар бар экенин көрсөттү. ("Азаттыктын" архивинен)
Согуштан кайткан жоокерлерди тосуп алуу. Фрунзедеги темир жол бекети. 1945-жыл.&nbsp;​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
15/15 Согуштан кайткан жоокерлерди тосуп алуу. Фрунзедеги темир жол бекети. 1945-жыл. ​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. (Бул ошол кездеги өлкө калкынын төрттөн бирин түзгөн). Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык жоокер курман болгон. Жаңы тарыхый фактылар согушка катышкан кыргызстандыктардын салымы тууралуу буга чейин белгисиз жагдайлар бар экенин көрсөттү. ("Азаттыктын" архивинен)
Артка
Алдыга

Куржундар
XS
SM
MD
LG