Биздин тарых
Биздин тарых
Япон согушуна катышкан Сарман Курманалиев
Сарман Курманалиев Экинчи дүйнөлүк согушка, андан ары япон согушуна катышкан. 1940-жылы 20 жашында аскерге чакырылган Курманалиев алты жыл дегенде Ата Журтуна кайтып келген. Ал тууралуу маалыматтарды жана сүрөттөрдү "Азаттыктын" "Биздин тарых" долборуна неберелери алып келип берди.

1
Сарман Курманалиев (оңдо) 1920-жылы 15-апрелде азыркы Сокулук районуна караштуу Жыламыш айылында туулган. Ал 1937-жылы Кызыл-Туу айылындагы толук эмес мектепти аяктаган. Ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Педагогикалык техникумга тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүргөн.
Курманалиев 1940-жылы 20 жашында аскерге чакырылганга чейин колхоздо иштеген. Аскердик милдетин алгач Ыраакы Чыгышта өтөп, ал жерде 1941-жылдын июнь айына чейин болот. 1941-жылы 22-июнда согуш башталганда кан майданга аттанган Сарман Курманалиев 50-артиллериялык полктун катарында кызмат кылган.

2
1945-жылы 9-майда Ата Мекендик согуш аяктайт. Бирок ошол эле жылы 9-августта япон согушу башталып, Курманалиев ал согушка жиберилген. Япон согушунда Мудассан, Хардин, Дайрен, Порт Артур жана башка шаарларды бошотууга катышып, 1946-жылы декабрда, алты жыл дегенде үйүнө кайтып келген.

3
Сарман Курманалиев 1947-жылы үйлөнгөн. Сүрөттө жубайы Зуура Кадыркулова экөө баш кошкон учур. Ал учётчик, дүкөнчү, гидротехник болуп иштеп жүрүп, пенсияга чыккан. Бир катар орден-медалдар менен сыйланган Сарман ата 2005-жылы 85 жаш курагында каза болгон. Жубайы Зуура Кадыркулова өмүр бою мектепте мугалим, директор болуп иштеп, пенсияга чыккан. Алар тогуз баланы тарбиялап чоңойткон. (Сарман Курманалиевдин сүрөттөрү жеке үй-бүлөлүк архивден алынды)