Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Видео сынак: "Ырыс алды - ынтымак"


БУУнун өнүктүрүү программасынын (ПРООН) демилгеси менен "Азаттык" радиосу жаңы видео сынак жарыялайт. "Ырыс алды - ынтымак" деген тема алдындагы сынакка көп улуттуу өлкөбүздөгү ар башка этностук топтордун мамиле-катышын чагылдырган видео баяндар кабыл алынат. Болжолдуу темалар катары сунуштай кетсек:

· Аралаш үй-бүлөлөр

· Башка улуттагы балдарды багып алуу

· Ар түрдүү улуттардан турган мектеп жамаатындагы жашоо

· Коңшулар алакасы (түрдүү этностор)

· Кесиптештер (түрдүү этностор)​

· Жана башка ушуга үндөш темалардагы беш мүнөттөн ашпаган видео баяндар 10-марттан 15-майга чейин кабыл алынат.

Эң мыкты видео тасманын автору ноутбук, кийинки эки орунду ээлеген авторлор Canon фотоаппараты менен сыйланат.

Сынакка узундугу беш мүнөттөн ашпаган, MP4, MPEG2 форматында камерага жана телефонго тартылган видеолор кабыл алынат. Видеону DVD же электрондук почта аркылуу жөнөтүңүз.

Сынак “Сулайман Тоо – тынчтыктын жана биримдиктин символу” аттуу фестивалдын алкагында өткөрүлүп жатат.

Электрондук дарек: jashtar2014@gmail.com

Телефон: +996 312 31 60 82; +996 312 31 61 55; +996 312 31 61 63

Кеңсенин дареги: Бөкөнбаев көчөсү 177, Бишкек шаары, 720017 (Катты "Азаттык" радиосу, видео сынакка деп жибериңиз)

Эскертүү: Архивден жана интернеттен алынган, автордун уруксаты жок музыка коштогон видео тасмалар жараксыз деп табылат.

XS
SM
MD
LG