Токтогулда туулуп-өскөн Молдокан, Кеңеш жана Байтүгөл Бримкуловдор кырчындай кезинде согушка кетип, кайтпай калышкан. Алардын сүрөттөрүн, согушта жүрүп жазган каттарын "Азаттыкка" Кыргыз-түрк "Манас" университетинин профессору, инженердик факультеттин деканы Улан Бримкулов алып келди. Улан Бримкулов Молдокан, Кеңеш жана Байтүгөл аталарыбыздын бир тууганы Нургазы Бримкуловдун уулу.
Биздин тарых
Майдандан кайтпаган бир туугандар
Быйыл 9-майда Улуу Жеңиш күнүнө 70 жыл толот.
![Молдокан Бримкулов - 1906-жылы Токтогулда төрөлгөн. Ташкенттен техникумду бүтүрүп, Токтогул районунда финансы бөлүмүндө иштеген (анын жетекчиси да болгон болушу мүмкүн деген мааалыматтар бар). Токтогулда иштеп турган кезинде, 1943-жылы аскерге чакырылган. Согушта өзгөчө батальондо кызмат өтөгөн.](https://gdb.rferl.org/535cdff4-38f3-4c06-a3be-5c8f2c1d47b4_cx0_cy18_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
1
Молдокан Бримкулов - 1906-жылы Токтогулда төрөлгөн. Ташкенттен техникумду бүтүрүп, Токтогул районунда финансы бөлүмүндө иштеген (анын жетекчиси да болгон болушу мүмкүн деген мааалыматтар бар).
Токтогулда иштеп турган кезинде, 1943-жылы аскерге чакырылган. Согушта өзгөчө батальондо кызмат өтөгөн.
Токтогулда иштеп турган кезинде, 1943-жылы аскерге чакырылган. Согушта өзгөчө батальондо кызмат өтөгөн.
![Молдокан Биримкулов согушка чейин](https://gdb.rferl.org/4127940e-2ce3-4f0e-9224-267cc3340158_w1024_q10_s.jpg)
2
Молдокан Биримкулов согушка чейин
![Сүрөттө Молдокан Бримкулов үчүнчү катарда солдон бешинчи. Сүрөт Украинада же Беларуста тартылган деген божомол бар. Сүрөттө "Искра айылы, 1944-жыл, май" деп гана кыска гана маалымат көрсөтүлгөн. ](https://gdb.rferl.org/e53be73c-2078-4738-af1b-66b19da3c439_w1024_q10_s.jpg)
3
Сүрөттө Молдокан Бримкулов үчүнчү катарда солдон бешинчи. Сүрөт Украинада же Беларуста тартылган деген божомол бар. Сүрөттө "Искра айылы, 1944-жыл, май" деп гана кыска гана маалымат көрсөтүлгөн.
![Согушта Бримкулов өзгөчө байланыш батальонунда кызмат өтөгөн. ](https://gdb.rferl.org/7ea702af-abe5-4bf1-a3f7-f0d67fb128ce_w1024_q10_s.jpg)
4
Согушта Бримкулов өзгөчө байланыш батальонунда кызмат өтөгөн.
![Молдокан Бримкулов согушта артыкчылык менен кызмат өтөгөнүн майдандагы жетекчилеринин Кыргызстандагы туугандарына жөнөткөн ыраазычылык каттары күбөлөп турат.](https://gdb.rferl.org/3ff25342-bcd9-44f5-bf56-ee03f41e5466_w1024_q10_s.jpg)
5
Молдокан Бримкулов согушта артыкчылык менен кызмат өтөгөнүн майдандагы жетекчилеринин Кыргызстандагы туугандарына жөнөткөн ыраазычылык каттары күбөлөп турат.
![Бул Молдокан Бримкуловдун Кыргызстандагы бир тууганы Нургазынын атына келген ыраазычылык кат: Здравствуйте дорогой товарищ Нургазы ! В день Первого мая наше подразделение посылает Вам пламенный боевой привет. Несколько слов о вашем брате Молдахане. В короткий срок Молдахан овладел русским языком и техникой, стал полноценным воином нашей родной красной Армии. В своей повседневной работе он помогает своим товарищам в освоении техники, ведет большую воспитательную работу среди бойцов, является лучшим редактором боевого листка. Партийная организация как лучшего воина, приняла Молдахана кандидатом в члены ВКП(б). В день 1 мая командир части объявил ему благодарность. Мы уверены, что в грядущих боях он оправдает доверие партии. Да здравствует дружба народов СССР. Да здравствует маршал Сталин. По поручению .(неразборчиво). политрук Агеев](https://gdb.rferl.org/51fed863-31ec-42a5-b4e1-bdb1f7e70f16_w1024_q10_s.jpg)
6
Бул Молдокан Бримкуловдун Кыргызстандагы бир тууганы Нургазынын атына келген ыраазычылык кат:
Здравствуйте дорогой товарищ Нургазы !
В день Первого мая наше подразделение посылает Вам пламенный боевой привет.
Несколько слов о вашем брате Молдахане. В короткий срок Молдахан овладел русским языком и техникой, стал полноценным воином нашей родной красной Армии. В своей повседневной работе он помогает своим товарищам в освоении техники, ведет большую воспитательную работу среди бойцов, является лучшим редактором боевого листка. Партийная организация как лучшего воина, приняла Молдахана кандидатом в члены ВКП(б). В день 1 мая командир части объявил ему благодарность. Мы уверены, что в грядущих боях он оправдает доверие партии.
Да здравствует дружба народов СССР.
Да здравствует маршал Сталин.
По поручению .(неразборчиво). политрук Агеев
Здравствуйте дорогой товарищ Нургазы !
В день Первого мая наше подразделение посылает Вам пламенный боевой привет.
Несколько слов о вашем брате Молдахане. В короткий срок Молдахан овладел русским языком и техникой, стал полноценным воином нашей родной красной Армии. В своей повседневной работе он помогает своим товарищам в освоении техники, ведет большую воспитательную работу среди бойцов, является лучшим редактором боевого листка. Партийная организация как лучшего воина, приняла Молдахана кандидатом в члены ВКП(б). В день 1 мая командир части объявил ему благодарность. Мы уверены, что в грядущих боях он оправдает доверие партии.
Да здравствует дружба народов СССР.
Да здравствует маршал Сталин.
По поручению .(неразборчиво). политрук Агеев
![Молдокан Бримкулов 1945-жылы 9-апрелде, жеңишке бир ай калганда курман болот. Бул анын курман болгондугу жөнүндө маалымдаган кара кагаз. ](https://gdb.rferl.org/ec1b16fc-48c2-499e-9895-0654d9e90410_w1024_q10_s.jpg)
7
Молдокан Бримкулов 1945-жылы 9-апрелде, жеңишке бир ай калганда курман болот. Бул анын курман болгондугу жөнүндө маалымдаган кара кагаз.
![Молдокан Бримкуловдун эки иниси да - Байтүгөл менен Кеңеш согушка кетип кайтпай калган. Байтүгөл жана Кеңеш Бримкуловдор кан майданга жаш убагында кетишкендиктен артында балдары калган эмес. Кеңеш 1943-жылы 5-мартта, ал эми Байтүгөл ушул эле жылы 30-августта курман болгон. Молдокан, Байтүгөл жана Кеңештин ата-энесинин бардыгы төрт уулу болгон. Алардын бир тууганы Нургазы Бримкулов да согушка чакырылып, бирок мугалим катары брону болгондуктан барган эмес. Нургазы Бримкулов Жалал-Абад педагогикалык училищесин 1930-жылдары акын, жазуучу Жоомарт Бөкөнбаев, Темиркул Үметалиев, Кусейин Карасаевдер менен бирге бүткөн. (Бримкуловдор тууралуу маалыматтар жана сүрөттөр Нургазы Бримкуловдун уулу, профессор Улан Бримкуловун жеке архивинен алынды). ](https://gdb.rferl.org/69d290a5-b357-445f-a9ad-10cce673a9a0_w1024_q10_s.jpg)
8
Молдокан Бримкуловдун эки иниси да - Байтүгөл менен Кеңеш согушка кетип кайтпай калган. Байтүгөл жана Кеңеш Бримкуловдор кан майданга жаш убагында кетишкендиктен артында балдары калган эмес. Кеңеш 1943-жылы 5-мартта, ал эми Байтүгөл ушул эле жылы 30-августта курман болгон.
Молдокан, Байтүгөл жана Кеңештин ата-энесинин бардыгы төрт уулу болгон. Алардын бир тууганы Нургазы Бримкулов да согушка чакырылып, бирок мугалим катары брону болгондуктан барган эмес. Нургазы Бримкулов Жалал-Абад педагогикалык училищесин 1930-жылдары акын, жазуучу Жоомарт Бөкөнбаев, Темиркул Үметалиев, Кусейин Карасаевдер менен бирге бүткөн.
(Бримкуловдор тууралуу маалыматтар жана сүрөттөр Нургазы Бримкуловдун уулу, профессор Улан Бримкуловун жеке архивинен алынды).
Молдокан, Байтүгөл жана Кеңештин ата-энесинин бардыгы төрт уулу болгон. Алардын бир тууганы Нургазы Бримкулов да согушка чакырылып, бирок мугалим катары брону болгондуктан барган эмес. Нургазы Бримкулов Жалал-Абад педагогикалык училищесин 1930-жылдары акын, жазуучу Жоомарт Бөкөнбаев, Темиркул Үметалиев, Кусейин Карасаевдер менен бирге бүткөн.
(Бримкуловдор тууралуу маалыматтар жана сүрөттөр Нургазы Бримкуловдун уулу, профессор Улан Бримкуловун жеке архивинен алынды).
![Кеңеш Бримкуловдун окуп жүргөндөгү мүчөлүк билети](https://gdb.rferl.org/d81e36ca-6a76-4eab-ac42-c3db6504f7a1_w1024_q10_s.jpg)
9
Кеңеш Бримкуловдун окуп жүргөндөгү мүчөлүк билети
![Кеңеш Бримкулов Жалал-Абаддагы педучилищеде окуп атканда согушка чакырылган. Бул анын окуу жайдагы дептери. 1940-жыл](https://gdb.rferl.org/a51b23c6-0e26-4861-b428-be58fa197cc8_w1024_q10_s.jpg)
10
Кеңеш Бримкулов Жалал-Абаддагы педучилищеде окуп атканда согушка чакырылган. Бул анын окуу жайдагы дептери. 1940-жыл
![Кеңеш Бримкуловдун дептери](https://gdb.rferl.org/100944d3-69c8-44b1-8169-a67b39fb9af7_w1024_q10_s.jpg)
11
Кеңеш Бримкуловдун дептери
![12Кеңеш Бримкулов согушка кеткенге чейин](https://gdb.rferl.org/6c3ec35b-c846-4cfd-8e8d-c174371817b2_w1024_q10_s.jpg)
12
12Кеңеш Бримкулов согушка кеткенге чейин
![Кеңеш Бримкулов 1943-жылы 5-мартта курман болгон. Анын курман болгондугу тууралуу кара кагаз](https://gdb.rferl.org/d4b5b402-cac3-4450-8304-e9354ba75d01_w1024_q10_s.jpg)
13
Кеңеш Бримкулов 1943-жылы 5-мартта курман болгон. Анын курман болгондугу тууралуу кара кагаз
![Бул болсо Байтүгөл Бримкуловдун согушта жүрүп агасы Молдокан Бримкуловго жазган каты. Бул кезде агасы Молдокан али кан майданга кете элек болгон. ](https://gdb.rferl.org/87b2bc12-4f7e-4b64-a0e6-77b6b4b56153_w1024_q10_s.jpg)
14
Бул болсо Байтүгөл Бримкуловдун согушта жүрүп агасы Молдокан Бримкуловго жазган каты. Бул кезде агасы Молдокан али кан майданга кете элек болгон.
![Байтүгөл Бримкуловдун каты](https://gdb.rferl.org/77a4bd04-d682-478a-b59c-755610bac74f_w1024_q10_s.jpg)
15
Байтүгөл Бримкуловдун каты
![Бул катты болсо Байтүгөл Бримкулов мекендеги агасы Нургазы Бримкуловдун атына жөнөткөн экен. ](https://gdb.rferl.org/e891aa05-4cf4-4944-a6bc-0e476caa63f2_w1024_q10_s.jpg)
16
Бул катты болсо Байтүгөл Бримкулов мекендеги агасы Нургазы Бримкуловдун атына жөнөткөн экен.
![Байтүгөл бул катты латын ариби менен жазган сыяктанат.](https://gdb.rferl.org/adb56394-0fa8-4cb5-838e-8b0d1dcf6b73_w1024_q10_s.jpg)
17
Байтүгөл бул катты латын ариби менен жазган сыяктанат.
![Байтүгөл Бримкулов 1943-жылы 30-августта курман болгон. Бул анын өлгөндүгүн тастыктаган кара кагаз. (Бримкуловдор тууралуу маалыматтар жана сүрөттөр Нургазы Бримкуловдун уулу, профессор Улан Бримкуловун жеке архивинен алынды). ](https://gdb.rferl.org/7c60bb7b-410e-4396-87fc-5d36617228de_w1024_q10_s.jpg)
18
Байтүгөл Бримкулов 1943-жылы 30-августта курман болгон. Бул анын өлгөндүгүн тастыктаган кара кагаз.
(Бримкуловдор тууралуу маалыматтар жана сүрөттөр Нургазы Бримкуловдун уулу, профессор Улан Бримкуловун жеке архивинен алынды).
(Бримкуловдор тууралуу маалыматтар жана сүрөттөр Нургазы Бримкуловдун уулу, профессор Улан Бримкуловун жеке архивинен алынды).