Ооганстанда талибдердин медреселеринде окуган эркек балдар мугалимдерден сексуалдык ыдык көрүп, таяк жешет. Атын атабаган 10-17 жаштагы окуучулар ошондой учурлар жөнүндө “Азаттыктын” ооган кызматынын (“Азади” радиосунун) кабарчыларына айтып беришкен.
1990-жылдардын айланасындагы жаштар жана студенттер кыймылдары, алардын чыгуу себептери, максаттары, натыйжалары тууралуу талкуулайбыз. 1985-1990-жылдар – СССРдин кулашын шарттаган, социалдык жана саясий укуктар үчүн күрөшкөн ири тарыхый окуялардын жылдары болгон.
Быйыл эки айда төрт эне төрөттөн ажал таап, 14 бала энесиз калды. Расмий маалыматтарга таянсак, былтыр 38 аял төрөттөн каза болгон.
Кыргызстанда кыздарды турмушка эрте узаткан адат тыйыла элек. Алсак, акыркы эки айдын ичинде эле Ош облусунда үч учур катталган.
Бишкектин Ленин райондук соту камактагы активист Афтандил Жоробековдун ишин кароону лингвистикалык эксперт келбегенине байланыштуу 12-мартка жылдырды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун коомдогу адеп-ахлак, каада-салт тууралуу айткан сөзү талкуу жаратты.
2023-жылы Ош облусу боюнча кыздар эрте турмушка чыккан 15 учур катталган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп.
Аравандагы мектеп-интернатта тарбияланган балдарга мөөнөтү өткөн тамак-аш берилип, ыңгайлуу шарт түзүлгөн эмес.
33 жаштагы Бактыгүл Жээнова Орусияда кулчулукта жүргөн жеринен жарым жыл мурда качып келгенин айтууда. Кулчулуктан кутулууга ал жашап жүргөн үйгө капыстан конокко барып калган мекендеши жардам берген. Бактыгүл суукта кой кайтарып, зордук-зомбулук көрүп, мекенине качып келүүгө аргасыз болгон.
Орусиянын Сургут аймагында Навальныйды эскерген кыргызстандык полициянын зомбулугуна кабылды. Ал кыйноо фактысы боюнча Орусиянын Тергөө комитети жана прокуратурага арыз менен кайрылды.
Былтыр турмушка чыгып, төрт ай мурда Орусияга барган Азиза учурда Тамбов облусунда камакта отурат. Жакындары ал Телеграмдан табылган ишке азгырылып, шылуундардын торуна түшкөнүн айтууда. Тамбовдо абакта жаткан келиндин агасы жана күйөөсү жардам сурап, коомчулукка кайрылды.
Кыргызстан “Айкөл - 5” гуманитардык миссиясынын алкагында Сириянын лагерлеринен 99 кишини, анын ичинен 71 баланы, 28 аялды алып келди. Алар кыргызстандык кыз - келиндер жана алардын ошол жакта төрөлгөн балдары.
Дагы жүктөңүз