Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

"Дагы жүздөй киши кайтты". Сириядан келген аялдар менен балдардын жашоосу


Ирактын Мосул шаарынын түштүгүндөгү лагерь, 19.07.2017
Ирактын Мосул шаарынын түштүгүндөгү лагерь, 19.07.2017

Кыргызстан “Айкөл - 5” гуманитардык миссиясынын алкагында Сириянын лагерлеринен 99 кишини, анын ичинен 71 баланы, 28 аялды алып келди. Алар кыргызстандык кыз - келиндер жана алардын ошол жакта төрөлгөн балдары.

Эки жыл аралыгында эл аралык коомчулуктун жардамы менен Сириядан 432 адам мекенине жеткирилди. Ага чейин Ирактан да кыз-келиндерди жана балдарды алып келген операцияны ишке ашырган.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин башчысынын орун басары Бакыт Кадыров соңку "Айкөл-5" гуманитардык миссиясы тууралуу буларды билдирди:

“Гумандык саясат деп атасак болот. Көп мамлекеттер аялдарды, балдарды өз өлкөсүнө кайтаруу иштерин жүргүзгөн. Биздин мамлекет башчы дагы өкмөткө тапшырма берип, пландар түзүлүп, аялдар менен балдарды алып келүү операциялары жүргүзүлдү”.

"Айкөл - 5тин" алкагында Бакыт Кадыров өзү да Сирияга барып келген. Анын айтымында, ушул күнгө чейин Сириядан 432 кыргыз жараны алып келинди. Алардын 129у аялдар, 303ү балдар.

Кадыровдун маалыматында, кыргызстандыктар Сириянын түндүк чыгышындагы "Рож" жана "Ал-Хол" лагерлеринде кармалып келет. Учурда эки лагерде канча кыргыз жараны калганы белгисиз. Консулдук департаменти тактоо иштери тынымсыз уланып жатканын айтып жатат.

Эки жылда Сириядан 432 жаран алынып келинди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:26 0:00

"Айкөл - 5" гуманитардын миссиясы Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулган. АКШ буга чейинки миссияларды да аткарууга жардам берген жана Сириянын чыр-чатак болуп жаткан аймагынан кыргыз жарандарынын мекенине кайтарылышын кубаттай турганын билдирген.

Кыргызстан эл аралык коомчулуктун жардамы менен Сириядагы жарандарын “Айкөл” гуманитардык миссиясынын алкагында 2023-жылдын февраль айынан тарта этап-этабы менен алып келе баштаган. Былтыр 333 аялды жана баланы мекенине кайтарылган.

Өкмөт ага чейин, 2021-жылдын март айында "Мээрим" деп аталган гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен да 79 баланы алып келген.

Сириядан жана Ирактан келген аялдар менен балдарды реабилитациялоо Социалдык камсыздоо министрлигине жүктөлгөн. Кыргызстанга кайтып келгендер менен атайын борбордо эки-үч айдын аралыгында психологдор, теологдор, социалдык жана медициналык кызматкерлер иштешет.

Министрликтин башкы адиси Айнура Шаршеналиеванын айтымында, реабилитациянын негизги максаты алардын психикалык абалын, жалпы саламаттыгын чыңдап, документтерин калыбына келтирүү:

“Жарандан Кыргызстанга келе электе эле туугандары менен иштегенбиз. Туугандарыңар келсе, камкордугуңарга алганга даярсыңарбы деп сурайбыз. Алар реабилитациялык борбордон чыккан соң туугандары алып кетишет. Борбордон чыккандан кийин жер-жерлердеги мамлекеттик мекемелердин адистери иштей баштайт".

Жер-жерлердеги мамлекеттик мекемелердин адистери Сириядан келген аялдар менен балдарды коомго интеграциялоо иштерин жүргүзөт. Реабилитация мамлекеттин эсебинен каржыланат. Канча акча сарпталары кабарланган жок.

2022-жылы АКШ генералы Майкл Курилла Бишкектеги иш сапарында Сириянын түндүк-чыгышындагы "Ал-Хол" лагеринде 60тан ашуун өлкөдөн чыккан болжол менен 57 миңдей киши баш калкалап жатканын, алардын көбү "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрүнүн балдары жана жубайлары экенин, лагерде күнүгө 100дөн ашык бала төрөлөрүн айткан.

Ал эми изилдөөчүлөр аталган лагерлерде шарт жоктугун, тамак-аш тартыштыгын, антисанитарияны белгилеп келишет. Ошондуктан БУУ өлкөлөрдү өз жарандарын алып кетүүгө үндөп жатат.

Эл арасында гуманитардык миссияны колдогондор менен катар, андан кооптонгондор да бар. Коопсуздук маселелери боюнча эксперт Орозбек Молдалиев тобокелдиктерге токтолду:

"Коркууга негиз бар. Бул идеология деген нерсе адамды өзгөртүп коет. Булар Сирияга адашып барып калган жок. Экстремисттик идеология менен барышты. Акырындык менен бул идеологияны жайылтууну аракет кылгандар болушу мүмкүн. Ошон үчүн булар менен иштөө керек".

Молдалиев өлкөдө дерадикализация программалары иштеши керек деген пикирде. Мындан тышкары, диний кызматкерлер салттуу мазхабдарды жайылтууга кам көрүшү керек деп кошумчалады.

“Сириядагы жашоомду унуткум келет”
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:07 0:00

Атайын кызматтын 2018-жылдагы маалыматында, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын билдиргени бар.

XS
SM
MD
LG