Башкы прокуратура Каракол шаарындагы аскер бөлүгүндө иштеген фельдшердин кайрылуусунан кийин төрт аскер кызматкери камакка алынганын маалымдады.
Ошто зордук-зомбулукка кабылган аялдар убактылуу баш калкалай турган жалгыз гана жай бар. Ал азыр жабылуу коркунучунда турганын “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова билдирди. "Азаттыктын" кабарчылары кыйын кырдаалга кабылган кыз-келиндерге жардам берген уюмга барып келди.
15-февралга караган түнү Казакстандын Алматы шаарында жашаган каракалпак диаспорасынын өкүлү Акылбек Муратов (Акылбек Муратбай) камакка алынганы кабарланды.
“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин колдоосун тапкан жок. Жыйынга катышкан алты депутаттын үчөө "макул", үчөө "каршы" добуш берди.
Түркмөндөр эми тойлордо милдеттүү түрдө мурунку президентинин ырларына бийлеши керек. Той бергенде экс-президент Гурбангулы Бердымухамедовдун ыры жок эле дегенде эки жолу коюлушу шарт.
12-февраль белгилүү иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин туулган күнү. Бул күндү утурлай анын айылында журналистти эскерүү иш-чарасы өттү.
Камакка алынган аскердик укук коргоочу, Куралдуу күчтөрдүн ардагери Анвар Сартаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна арыз жолдонду. Анын эмне себептен кармалганы тууралуу укук коргоо органдары азырынча маалымат бере элек.
Казакстандын Түркстан облусунда күйөөсүн өлтүргөн деп шек саналган 34 жаштагы аялдын иши боюнча сот башталды. Аял сотто өзүн коргоо үчүн кылмышка барганын айтты. Сотто ал 14 жыл зомбулукка чыдап жашап жүргөнүн билдирди. Күбө катары жубайлардын жашы жете элек үч баласы көрсөтмө беришти.
Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда көз карандысыз “Kloop Media” порталын жабуу тууралуу чечим чыгарды.
Чүй облустук милициясы журналист Эрмек Аттокуровду “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча шек санап кармады. Ал өткөн жылы жазында кошунасы үйүнө келип сабаганын айтып, Чүй облустук милициясы чара көрбөй жатканына даттанган эле. Ошол окуялардан кийин ИИМди соцтармактар аркылуу сындап жүргөн.
Абактагы активист Афтандил Жоробековдун иши тергелип бүтүп, Бишкектин Ленин райондук сотуна өткөнү белгилүү болду. Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан 40 жаштагы активисттин камалганына үч айга чукулдап калды. Ага “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.
Дагы жүктөңүз