Ош шаарындагы "Кыргыз унаа курулуш" заводу кытайлык Dongfeng компаниясы менен келишим түзүп, 12 жүк ташуучу унаанын тетиктерин алып келип кураштырууда. 9-июнда компания кураштырып бүткөн алгачкы жүк ташуучу чакан унааларын кардарларга сунуштады.
Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 29-июнда Дүйшөмбү шаарында жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 25 бөлүмдөн турган биргелешкен билдирүү кабыл алынды.
Кыргызстанда өндүрүлгөн стратегиялык азыктардын ичинен сүт, картошка, жашылча-жемиш гана калкты толук жабдый алат. Ал эми буудай, кант жана жумуртка менен жабдуу планы келерки үч-төрт жылда ишке ашат.
Кыргызстанда азык-түлүк жана башка товарларга болгон баа кескин кымбаттады. Бул жагдай калктын орто жана жакыр жашаган катмарын кыйын абалга кептеди.
Тажикстанда кармалган кыргызстандык оор жүк ташуучу он чакты автоунаанын бир бөлүгү коё берилди. Кыргызстандын Акыйкатчысы муну барымта катары баалаган эле.
Өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу өлкөдө тамак-аш продуктулары менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 6,8%, азык-түлүктүкү 3% өстү.
Былтыр күзүндө доллар кескин кымбаттагандан кийин Кыргызстанда азык-түлүк, күйүүчү май жана башка товарлардын да баасы өстү. Курулуш материалдары да кымбаттоодо. Ушул күндөрү айрым курулуш материалдарынын баасы 100-120% чейин көтөрүлдү.
Оштун Араван районунда картөшкө, сарымсактын алгачкы түшүмү жыйнала баштады.
Кадамжайда 10 жылдан бери бөлмө гүлдөрүн өстүрүп, гүлдөр үчүн атайын күнөска да куруп алган Уулжан Айдарова бул иш ар бир кишинин колунан келет, көп убакыт албайт, иш жеңил кирешеси да бар- дейт. Гүл сүйүүчү жаны гүл үрөндөрүн орусиядан алдырып, жерине, абасына ылайыкташкандай өстүргөн гүлдөрүн кард
Дагы жүктөңүз